Өлкөдө пандемия шартында Эгемендүүлүк күнүнө арналган 40тан ашык иш-чара өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев «Биринчи радионун» 16-августтагы эфиринде өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата бийликтин пландары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө өлкө боюнча 40тан ашык иш-чара өткөрүү пландалууда.

Мурдараак министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов пландаштырылган иш-чаранын бардыгы «эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен» өткөрүлүшү керектигин белгилеген.

Кандай иш-чаралар паландалган?

Иманалиевдин айтымында, 31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында аскер жана эмгекчилердин парады өтөт. Андан тышкары, эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт болот. Концертте кыргыз-казак төкмө акындарынын ортосунда айтыш болору күтүлүп жатат.

Облустарда театралдаштырылган спектакль, концерт, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнерлер менен өнөрпоздордун, анын ичинде «Манас» эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Алсак, 29-августта Таластта «Манас Ордо» комплексинде Манас эпосуна арналган тарыхый иш-чара өткөрүлөт.

«Тарыхый аспектилерди гана эмес, өлкөнүн эгемендиктеги 30 жылдык басып өткөн жолун талкуулайбыз. Эмнеге жетиштик, кандай катачылыктар болду, кай жакты көздөй баратабыз. Иш-чаранын алкагында ушунун баары талкууланат [...] Президенттин дагы катышуусу пландалууда», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле, 31-августта Ош шаарында Алымбек Датканын 220 жана Курманжан Датканын 210 жылдыгы белгиленет. Ысык-Көлдө болсо 21-августта Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы өткөрүлмөкчү.

Ошондой эле, министрдин айтымында, күзүндө Баткен облусунда Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөө мерчемделген. Ал эми августта чек ара чырында жана сел каптоонун кесепетинен кыйраган үйлөрдүн, имараттардын ачылышы өтөт.

Нарында акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган манасчылардын конкурсу өткөрүлөт.Чүй облусунда этникалык улуттар үчүн «Кыргызстан — менин мекеним» аттуу фестивалы өтөт.

Жалал-Абад облусунда кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өткөрүлөт.

«Мунун баары 31-августта аяктайт. Күзүндө окуу жайларда ар кандай конференциялар менен ачык сабактар өтөт, жыл аягына чейин Кыргызстандын 30 жылдыгына карата ар бир министрликке иш-чаралар жүктөлдү», — деп белгиледи Иманалиев.

Бул иш-чараларга мамлекеттик бюджеттен канча каражат сарпталарын министр белгилеген жок. Пландалган чыгымдын суммасы тууралуу минкаб дагы маалымат берген эмес.

Бийлик Эгемендик майрамын өздөрү 2021-жылдын июнь айынын ортосунда жарыялаган коронавирустун үчүнчү толкунуна карабай белгилөөнү чечти. Былтыр коронавирустан улам көз эгемендиктин 29 жылдыгына багытталган бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган. Бир гана Бишкектеги Ала-Тоо аянтында салтанат белгиленип, ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жолдогон. Иш-чара онлайн форматта өтүп, бардык республикалык телеканалдар аркылуу өлкө аймагына көрсөтүлгөн.

16-августка карата маалымат боюнча, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 137 327 COVID-19 жуктуруу учуру катталды. Коронавирус өөрчүткөн илдеттерден жалпы 2 451 бейтап көз жумду.