Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча жолугушуу өттү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен 17-августта чек арадагы соңку учурда орун алган жаңжалдарды талкуулады.

Облустук администрациянын маалыматы боюнча, анын натыйжасында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу үчүн тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү макулдашылды. Мындан сырткары, чек арачыларды жана милиция кызматкерлерин чек арадагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча биргелешкен окутуудан өткөрүү пландалды.

Ошондой эле, тараптар чек арага чектеш аймактарда чыр чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана күч органдары тарабынан топтолгон материалдарды алмашууну жана айына эки жолу жолугушуу өткөрүп турууну убадалашты.

Облустук администрациянын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов «Азаттыкка» тажик тарапка чек аралаш аймактарда аң казуу иштерин кайра кайталабоо жана видеокөзөмөл камераларын макулдашуу менен гана орнотуу талабы коюлгандыгын билдирди.

Сүйлөшүүлөр Лейлек району менен Исфара району чектешкен аймакта жүргүзүлдү. Ага Баткен, Лейлек райондорунун, Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Бир жума мурда Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык ооруканасына Тажикстан тараптан ок атылган. Ок оорукананын 2-кабатынын айнегине тийген. Мындан улам эки тараптын чек арачылары жолугушкан. Тажикстан ок «кокустан» атылышы мүмкүн деп билдирген.

Андан бир күн өткөндөн кийин аталган райондун Максат айылындагы такталбаган аймакта тажик тарап дубал ура баштаган. Мындан сырткары, Катта-Туз тилкесинде аң казышкан. Эки тараптын облус башчыларынын жолугушуусунан кийин аң толтурулуп, курулуш токтогон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Тараптар 1-майда гана тынчтыкты орнотууну макулдашышкан.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 190 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Дагы окуңуз:

Баткен: Чек арада кайрадан ок атылып, күч түзүмдөрү чогулду

Баткен: Тажик тарап Максаттагы дубалдын курулушун токтотуп, окопторду кайра толтурду