Баткен: Чек арада кайрадан ок атылып, күч түзүмдөрү чогулду

Баткендеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 12-августта облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чогултту. Учурда өтүп жаткан жабык жыйында 11-август күнү Лейлек районунун Интернационал айылына тажик тараптан ок атылганына байланыштуу талкуу жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Интернационал айылындагы оорукананын терезесине ок атылганы жана Катта-Туз участкасында тажикстандык чек арачылар тарабынан аң казылганы боюнча талкуу жүрөт», — деп айтылат обладминистарциянын маалыматында

Тажикстандын Согди жана Кыргызстандын Баткен облустук бийлигинин жетекчилеринин ортосунда дагы жолугушуу болоору айтылды.

Ооруканага атылган ок

11-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында саат 15:10 чамасында Тажикстан тараптан ок атылган. Ок аталган айылдын аймактык ооруканасынын 2-кабатындагы айнекке тийген.

УКМКнын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерден АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Жабыркагандар болгон эмес.

Бул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап чек ара кызматкерлеринин ок атуучу куралдарын текшерүүгө алаарын билдирген.

«Саат 17:00дө эки тараптын чек арачыларынын жолугушуусу болуп өттү. Анда тажик тарап текшерүүнүн жыйынтыгында чек арачылардын куралынан ок атылбаганы аныкталды деп маалымдады. Бирок ок кокустан атылып кетиши мүмкүн деп белгиледи», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Ошондой эле, жолугушууга келген чек ара кызматкерлери ички иликтөө жүрөөрүн макулдашты. Учурда чек ара аймагында абал туруктуу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Тараптар 1-майда гана тынчтыкты орнотууну макулдашышкан.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 190 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Дагы окуңуз:

«Кудай сактады». Чек ара чырында үч ирет ок жеп аман калган жоокер