Баткен: Тажик тарап Максаттагы дубалдын курулушун токтотуп, окопторду кайра толтурду

Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында чектеш Максат айылында тажик тарап жүргүзгөн курулуш иштери токтотулуп, Катта-Туз тилкесинде казылган окоптор толтурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 13-августта билдиришти.

Мындай чечим Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражжабой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынган.

Эмне болгон?

Буга чейин социалдык тармактарда Максат айылынын жанындагы такталбалбан аймакта Тажикстандын жарандары дубал куруп жаткан видеосу тараган. Тасманы жиберген тургундар эгерде дубалдын курулушу бүтсө, Лейлек районунун Максат, Арка, Борбордук жана Жаштык айылдары «курчоого алынат» деп кооптонушкан.

Аталган дубалдын курулушу бир нече апта мурун башталган. Максат айылынын башчысы Кубат Нышанов «24.kg» басылмасына курган маегинде бул тилкеде курулуш иштери жүргүзүлбөшү керектигин билдирген.

«Биздин талаптардан кийин [тажик тарап] курулуш иштерин токтотту, бирок курулган дубалды бузган жок», — деген Нышанов.

Президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн «Клоопко» маалымдагандай, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары 14-августта жолугушуу өткөрүшөт — ал жерде такталбаган аймакта курулушту бузуу маселеси да каралат.

Ал эми Арка айылына жанаша жайгашкан Катта-Туз тилкесинде тажик тарап окопторду казып баштаганы тууралуу маалымат ЖМКларда 12-августта пайда боло баштаган. Бул маалыматты кийинчерээк Алимбаев да тастыктап, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал

11-августта Лейлектеги Интернационал айылынын ооруканасына Тажикстан тараптан ок атылган. Оорукананын 2-кабатындагы айнекке тийген ок АК-74 автоматынан чыгарылган. Ок атуудан жабыркагандар жок.

Кыргыз тарап Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, тажик тарап чек ара кызматкерлеринин ок атуучу куралдарын текшерүүгө аларын билдирген. Кийинчерээк тажик тарап алардын чек арачыларынын куралынан ок атылбаганын, ал «кокустан атылып кетиши мүмкүн» экенин билдиришкен.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн күч түзүмдөрү жолугуп, ал жерге келген чек ара кызматкерлери ички иликтөө жүргүзүүгө макулдашкан.

Анын эртеси күнү, 12-августта, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жергиликтүү күч структаралардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөргөн. Жыйында тажик тараптан оорукананын терезине ок атуу жана Тажикстандын чек арачылары Катта-Туз тилкесинде окоп казып жатканы боюнча талкуу жүрдү.

Кийинчерээк Алимбаев «Турмуш» басылмасынын журналистине маек куруп, оорукананын терезесине чыгарылган ок боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирген.