Баткен: Чек ара жаңжалында жабыркаган 60 үй-бүлө жаңы үйгө көчүп кирди

«Кабар» улуттук маалымат агенттиги Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы үйгө көчүп киргенин кабарлады. Булардын үйлөрү 2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында кыйраган.

29-июлда Мамкурулуштун статс-катчысы Самат Бөрүбаев кыйраган 140 үйдүн ичинен 60 турак жай калыбына келтирилгенин билдирген. Бирок аткаминер үйлөр так кесе кайсыл айылда курулганын айткан эмес болчу.

Басылманын маалыматына ылайык, Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Баткен облусунун Лейлек районунда жабыркагандар үчүн 140 жаңы турак жайды куруп бүтүрүү пландалууда.

«Ошондой эле Арка, Интернационал жана Сад айылдарында турак үйлөрдү куруу иштери уланууда», — деп жазат «Кабар».

Маалымат агенттиги үйлөр СИП-панелден курулуп жатканын, бул аны тез арада куруп, пайдаланууга берүүгө жол берет деп кошумчалайт.

«Мындай үйлөрдүн сапатына кепилдик бар, ал Баткен облусунун климаттык шартына туура келет. Минкаб жабыркаган үйлөрдү тез арада калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлдү», — деп билдирет «Кабар».

Мурдараак 500 млн сом социалдык объектилерди оңдоо жана курууга жумшала турганы айтылган: мектеп, бала бакча жана жолдорго, калган 200 млн сом кыйраган жана өрттөлгөн турак үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалат.

Куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күчтөрү менен каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жерлерине алып кетүүнү жыйынтыкташкан.

Тажикстан тарап каза болгондор менен жаракат алгандар тууралуу 6-майда гана маалымат жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.