Коронавирус 228 кишиден аныкталып, беш бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-августта өлкөдө коронавирустун 228 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 152;

Чүй облусунда — 27;

Ысык-Көл облусунда — 26;

Талас облусунда — 9;

Жалал-Абад облусунда — 8;

Нарын облусунда — 3;

Баткен облусунда — 2;

Ош шаарында — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 394 бейтап айыгып, беш киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 174 148ге жетти. Оорудан 166 702 бейтап айыгып, 2 489 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 375 бейтап ооруканаларда, 2 159 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.