ЭВФ дүйнө мамлекеттерине бөлгөн 650 млрд доллардын 240 млну Кыргызстанга тиет

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) 23-августта тарыхта дүйнө өлкөлөрүнүн арасында эң ири зайым алуунун атайын укугун (СДР) бөлүштүрдү.

Дээрлик 650 млрд доллар бөлүштүрүлүп жатканын уюмдун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева билдирди.

«Бул бөлүштүрүү дүйнөлүк экономика үчүн олуттуу стимул болуп берет, ал эми туура пайдаланылганда азыркы кризистен чыгып кетүүнүн уникалдуу жолу болуп берет», — деп белгиледи ал.

Азыр өлкөлөрдүн валюталык резерви толуп, алар кандайдыр бир «сырткы карыз алуулардан» анчейин көз каранды болбойт деп болжолдонууда. Ошондой эле СДР каражатын «улуттук экономиканы колдоого жана кризис менен күрөштү күчөтүүгө» пайдаланса болот.

СДР деген эмне?

Зайым алунун атайын укугу (SDR) — Эл аралык валюта фондунун ички төлөмдөрүнүн өзгөчө каражаты. СДР негизги дүйнө валюталарынын курсунун негизинде саналат: доллар, евро, иен, фунт стерлинг жана юань.

Учурда жүгүртүүдө 204 млрд СДР бар — бул болжолдуу 290 млрд доллар. Үстүнө дагы кошулгандан кийин СДРдин көлөмү 456 млрд долларга жетет.

СДРди колдонуу үчүн, ЭВФге мүчө мамлекет аны кадимки дүйнөлүк валютага алмаштыруусу керек же болбосо ЭВФтин кредиттик программасы аркылуу СДР эсебине валюталык каржылоо алса болот. Андан тышкары, СДР өлкө ЭВФ алдында карызы болсо, андан кутулуп салса да болот.

Каражаттар өлкөлөрдүн ортосунда кандайча бөлүштүрүлөт?

Өлкөлөрдүн ЭВФтеги квотасынын үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт. Тагыраагы, болжол менен 275 млрд доллар өнүгүп келе жаткан жана рыногу жаңыдан түзүлө баштаган мамлекеттерге берилет. Мисалы, 25 млрд доллар КМШ жана Грузия мамлекеттерин колдоого кеткени, ал эми 17 млрд долларды Орусия алып жатканы белгилүү.

Tazabek маалымат агенттиги ЭВФтин Бишкектеги кеңсесине таянып, Кыргызстанга бул сумманын ичинен 240 млн доллар бөлүнөрүн жазды — башкача айтканда, 170 млн СДР. Бул каражат кандайча бөлүнөрү азырынча белгисиз.

Каражаттын сарпталышы текшерилеби?

Ооба. Георгиева ачык айкындуулук жана отчёттуулук үчүн ЭВФ база түзгөнүн белгиледи. Ал база каражат кайда, кандай максатта жумшалганын аныктоого жардам берет. Ошондой эле, ал «карыздарга байланышкан абалдын туруктуулугуна тийгизген таасирин баалоого» көмөктөшөт.

Мындан тышкары, ЭВФ бардык авуарлар, операциялар жана СДРди сатууга байланыштуу утур-утур жаңыланган маалыматтарды берип турат. Эки жылдан кийин тарыхта ири СДРди бөлүштүрүү тууралуу отчёт жарыяланат.Мындан тышкары, ЭВФ экономикасы туруктуу өлкөлөрдү «СДРдин бир бөлүгүн муктаж мамлекеттердин пайдасына берүүгө» чакырды.

«Бул СДР бөлүштүрүү — пандемия шартында мамлекеттерге колдоо көрсөтүү боюнча ЭВФтин аракетинин маанилүү компоненти. Ага төмөнкүлөр кирет: 85 өлкөгө 117 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү жаңы финансылык колдоо көрсөтүү; кирешеси төмөн 29 өлкөнүн карыз түйшүгүн жеңилдетүү; туруктуу жана бекем калыбына келүүнү камсыздоо үчүн 175тен ашык өлкөгө стратегиялык сунуштарды берүү жана потенциалын жогорулатуу», — деп жыйынтыктады Георгиева.