«200 түп көчөт куурап калды». Баткендин бир нече айылынын тургундары сугат суу жоктугун айтышты

Сүрөт: CABAR.asia

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундары жаз айынан тартып суугат суу жоктугунан эгиндер куурап калганын айтып даттанышты.

Ал эми жергиликтүү бийлик суу убактылуу гана токтотулган деп ишендирүүдө.

Самаркандек айылынын тургуну 22-августта тартылган видеосу «Турмуш» басылмасына жарыяланды. Тасманын автору 80 күндөн бери суу жоктугун айтып, анын эгини жана 200 түп көчөтү куурап калганын айтып нараазы болгон.

Мындан сырткары, ал Самаркандек каналын көрсөтүп, он күндөн бери суу таптакыр келбей жатканын белгилеген.

«Мына кранттарды карагыла, жаздын алдында суу токтогон, ошол боюнча жок. Жакында малдар келет, аларга да суу жок. Эл кыйналып чыкты. Карапайым эл суунун айынан Бишкекке көчүп кетип жатат. 20-30 жылдык өрүктөрдүн абалын караңыздар [куурап калган дарактардын жалбырактардын укалап көрсөтүп — ред. ], бир жылдан бери суу иче элек», — деген ал.

*Баткен облусунун тургундары өрүк өстүрүп, мөмөсүн кургатып сатуу менен жан багышат.

Ошондой эле, автор Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевге кайрылып, «тажик тарап менен сүйлөшүп, маселени чече албагандан кийин кызматыңды тапшырып бер» деп талап кылган.

«Урматтуу аким, угуп жаткан болсоң тез арада ордуңу бошот! Мына карачы баары куурап калган, мен дагы кимге кайрылышым керек? Мына жерде да [эгин эккен талааны көрсөтүп — ред.] 300 көчөт тиккен элем, 10 жылдык мээнетим текке кетти, кургады баары», — деген ал.

Баткен районунун акими эмне дейт?

Баткен районунун акими Учкун Жоробаев «Клоопко» Самаркандек айыл өкмөтүнө «суу жаз айынан бери берилбей жатат» деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, аталган аймакта суу берүү апрель айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан соң жана август айында жүргөн селден улам токтотулганын айтты.

Ак-Татыр каналында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөндүктөн Самаркандек айыл өкмөтүнө суу убактылуу берилбей калганын билдирди. Анын айтымында, август айынын башында сел жүрүп, сел суулары менен кошо келген шагылдар каналга толуп калган. Мындан улам Самаркандекке суу аз өтүп калган.

«Самаркандекке суу Ак-Татыр каналы аркылуу келет. Анын бир бөлүгү Тажикстандын Хожайло айылы аркылуу өтөт. Бирок сел жүргөндүктөн канал шагылга толуп, суу жетиштүү деңгээлде берилбей калган. Маселени чечүү үчүн Хожайло районунун акими жана суу чарбасынын башчысы менен макулдашып, 19-20-августта каналды ылайдан жана шагылдан тазалоо иштери жүргүзүлгөн», — деп түшүндүрдү аким.

Мындан сырткары, Жоробаевге жергиликтүү тургундар тажик тарап кечинде сууну токтотуп коюп жаткандыгын айтышкан. Муну аныктоо үчүн Тажикстандан Кыргызстанга суу өткөн гидропостко 24 саат бою күзөт уюштурулган. Акимдин айтымында, 21-августтан тарта суу белгиленген нормада берилип жатат.

Анткен менен Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылынын 75 жаштагы тургуну «Клоопко» таза суу да, суугат суу да жоктугун айтты.

«Унааларга 200 сом берип иче турган суу алдырам. Үнөмдөп колдонсом ал бир жумага эле жетет. Чек ара чырынан кийин Бишкекте эки ай туруп келдим. Келсем короомдогу эгиним кургап калыптыр, быйыл баарын сатып жеп атабыз. Бул боюнча мурабдар да жакшы иш алып барбай жатат. Өзү бул жактан көчүп кетиш керек болуп калды», — деди ал.

Облустук суу башкармалыгы эмне дейт?

Ал эми Баткен облустук башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мамашарип Бердалиев Самаркандекке суу Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүнөн кийин баргандыктан, жетишерлик көлөмдө барбай жатканын тастыктады. Анын айтымында, бул маселени «Суу пайдалануу ассосациясы» (СПА) чечиши керек.

«Биз СПАнын ишине кирише албайбыз. Биз мамлекеттин карамагындагы 4 км каналдын суусун гидропостторго жеткирип туруп анан СПАнын карамагына, башкача айтканда суу бөлүштүрүүчү мурабга, өткөрүп беребиз. Алар андан ары каалагандай кылып бөлүштүрөт», — деди Бердалиев.

Мындан сырткары, суу башкармалыгы СПАны жоюу боюнча айыл өкмөттөргө сунуш бергенин кошумчалады. Анын айтымында, СПА жоюлуп, каналдар суу башкармалыгына караса, баардык айылдарга суу тегиз бөлүштүрүлөт.

« “Тажиктерге жалынып атып өткөрүп берген сууну нормалдуу бөлүштүрүп иче албай атасыңар. Болбосо качып тургула, суунун акчасын да өзүбүз жыйып, өзүбүз элге жеткирип берели” дедим. Азыр бул боюнча мыйзамды карап атышат. Эгер өткөрүп берсе “сууну бөлүштүрүрүүнү мойнума алам” деп сөз бердим», — дейт Бердалиев.

Тема боюнча:

Баткен: Төрт-Гүл суу сактагычына аккан каналда казуу иштери эмнеге жүргүзүлгөн?

Баткен: Төрт-Гүл суу сактагычына аккан каналдын казылышы элди сарсанаа кылды