Президент: Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат

Президент Садыр Жапаров 27-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жаңы курулган 84 турак жайды жана социалдык объектилерди көрүп чыкты.

Өлкө башчы жаңы үйлөргө кирип жашай баштаган тургундарга «бул үйлөр кут алып келген, кыргыз мамлекети үчүн ак кызмат кылган патриот уул-кыздар тарбияланып чыккан үй болсун» деген тилегин билдирди.

«Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жараат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деди Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтөөрүн белгиледи. Өлкө башчысынын айтымында, мамлекет жаңы үйлөргө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтөт жана мындан ары таза суу, жол, бейтапкана, бала бакча маселелерин чечүү үчүн бардык аракет жасалат.

Президент менен жолугушууга Лейлек жана Баткен райондорунун тургундары жана кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандар келген. Жапаров жергиликтүү тургундарга кайрылып, эми коркпой жашай берүүгө болорун айтты.

«Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат […] Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте, кошуналык мамиледе жашашыбыз керек», — деп белгиледи президент.

Ошондой эле, Жапаров Максат айылынын чек ара чырында кыйрап кайра калыбына келтирилген милиция бөлүмү, фелдьшердик-акушердик пункт жана мектеп менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жапаровго айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди.

«Курулуштарга бюджеттен каражат кеткен эмес»

Максат айылындагы жаңы курулган үйлөр. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Журналист Тургунбай Алдакулов жолугушуудан кийин фейсбук баракчасына видео жарыялап, «президент курулуштарга бюджеттен каражат кеткен эместигин айтты» деп маалымдады.

«Мына азыр жолугушуу бүттү. Президенттин айтканына караганда, курулуштарга мамлекеттин бюджетинен каражат сарпталбаптыр. Үйлөрдү Түркия мамлекети жана демөөрчүлөр куруп берген. Жабыркаган үйлөр калыбына келген эмес, жаңы курулган», — деди Алдакулов.

Ошондой эле, журналист тарткан тасмада нараазы болгон аялдын сүйлөп жатканы да тартылып калган. Анда аял «эмне үчүн кээ бир үй-бүлөлөргө экиден үй курулуп калды, муну ким текшерет?» деп суроо салган.

«Кээ бир чоң үй-бүлөлөргө экиден үй курулган. Анткени алар буга чейин деле эки үйдө жашап келишкен да. Үйлөнгөн уулу бир үйдө, ата-энеси бөлөк үйдө жашачу да. Өзү ал аялдын үйү жабыркаган эмес. Бирок кийин эмне болду кабарым жок, себеби кетип калдым эле», — деди Алдакулов.

Чек арадагы куралуу кагылышууда жабыркаган үйлөр

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Тараптар 1-майда гана тынчтыкты орнотууну макулдашышкан.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 190 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 140 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

10-майда «Ихлас» курулуш компаниясы Баткен окуясында каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүнө Баткен шаарынын аймагында үйлөрдү сала баштаган. Ал эми 13-майда курулуш иштери Лейлек районунун Максат айылында башталган.