Баткен: «Ихлас» компаниясы чек ара чырында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө үй куруп берет

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон 36 кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө турак жай салына баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.

Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» үйлөр «Ихлас» курулуш компаниянын эсебинен салынып жатканын билдирди. Ошондой эле курулуш иштерин компания өзү жүргүзүүдө. Ал үчүн Баткен шаарынын мэриясы калаадагы Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берди.

«Турак жайлар төрт бөлмөлүү. Жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат», — деп билдирди Бердикулова.

Буга чейин компаниянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов Баткен облусунда жабыркаган тургундарга 20 үй салып берээрин убадалаган. Ал эми президент Садыр Жапаров жаңжалда набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө 36 турак жай куруларын 8-майда маалымдаган.

Турак үйлөрдүн капсула салуу аземине Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын жетекчиси Нурбек Осмонов жана чек арадагы окуяда каза болгондордун жакындары катышты.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин жана өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салына турганын айткан.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

«Ихлас» компаниясы жана Осмоновдор

«Ихлас» компаниясы «Каганат Инвест» холдингинин карамагына кирет. Бул холдингде мындан сырткары Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» компаниялары бар.

«Каганат Инвесттин» негиздөөчүсү Нурбек Осмонов жаңыдан мандат алган депутат Айбек Осмоновдун бир тууганы — ал «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген. Бул партия 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен. Учурда партиянын негиздөөчүсү катары он адам көрсөтүлгөн, ал эми аны Матраимовдордун тарапташы, экс-депутат Мирлан Бакиров жетектейт.

Кийинчерээк Осмоновдор «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок Айбек Осмонов бул партиянын катарынан да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.

«Фактчек» басылмасы Айбек Осмонов 2019-жылдын май айында депутат Искендер Матраимовдун Ала-Арча шаарчысындагы хансарайын сатып алганын аныктаган. Кийинчерээк хансарай Матраимовдордун «эски досу» Нурлан Акматовго өткөрүлгөн.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов «Ихлас» компаниясы Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева менен «Ош-Плаза» көп кабаттуу үйдү салып жатканын ачыктаган. Аталган объект Чынара Матраимованын жер тилкесинде салынууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мекен үчүн жанымды берем». «Бөрү» отрядынын жоокери Бекзод Юлдашевди жакындары эскерди

«Кесибин сүйчү, акыры мекен деп жан берди». Эсентурдун агасы маркум инисин эскерди

Куралдуу кагылышууда каза тапкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыда жерге берилди

Чек ара чырында курман болгон 12 жаштагы Мадинанын сөөгү жерге берилди

«Ооруканага жете алган жокпуз». Абидиндин жакындары кырсык тууралуу