Баткен: Максат айылында чек ара чырында жабыркагандар үчүн үйлөр курула баштады

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда үйлөрү жабыркаган Максат айылынын тургундары үчүн жаңы үйлөр курула баштаганын кабарлады.

Жаңы турак жайлар курула баштаган жерге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев барды. Ал бийлик аймактын коопсуздугуна, жарандардын жоголгон документтерин кайра ырастап берүүгө жана жабыркагандарга үй куруп берүү маселесине көңүл бураарын белгиледи.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Максат айылында чек ара жаңжалында 89 үй, мектеп, бала бакча, медпункт жана айыл башчынын үйү өрттөлгөн. Учурда жабыркагандар үчүн үйлөрү курулуп бүткүчө 50 убактылуу чатыр орнотулган. Жалпысынан айылда 1 200 адам жашайт жана 288 турак жай бар.

Чек арадагы ок атуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.