Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде референдум өтүп, анда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган. Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.
27-августта «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамы кабыл алынган.
Ага ылайык, парламенттин депутаттары аралаш система менен шайланат. Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.
Шайлоонун жокко чыгарылышы жана бийликтин алмашуусу
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер мөөнөтсүз митинге чыгып, эл дагы көтөрүлүшкө чыккан. Бул окуялар саясий толкундоолорго айланып бийликтин алмашуусун шарттаган.
Негизинен митингчилер шайлоо учурунда добуш сатып алуу болду жана административдик ресурс колдонулду деп нааразы болушкан. Шайлоодо мыйзам бузуулардын көпчүлүгү бийликчил деген «Биримдик», таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тарабынан катталган.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, аталган үч партия Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 107сине ээ болушкан. Митингчилер Ак үйдү басып алышып, камакта отурган бир катар саясатчылар бошотулган — алардын арасында Садыр Жапаров дагы болгон.
Жыйынтыгында БШК шайлоону жокко чыгарууга аргасыз болгон. Ал эми Жапаров бийликке келип, президенттик шайлоо менен катар өлкөнүн башкаруу формасы боюнча референдум өткөн. Кийинчерээк кабыл алынган Жаңы баш мыйзамдын авторлору парламенттин укуктарын азайтып, президенттин укуктарын эбегейсиз кеңейткен.