Оштун борбордук аянтында жол эрежесин бузган кортеж унааларына протокол түзүлдү

Блогер Азамат Ормокеев 28-августта инстаграм баракчасына Ош шаарынын борбордук аянтындагы той кортежинин видеосун жарыялады. Анда Toyota Corolla үлгүсүндөгү тонировкаланган эки жеңил унаа жана бир нече жол тандабас патрулдук милициянын көз алдында жол эрежесин бузганы тартылган.

Жеңил унаалардын айдоочулары жаш түгөйлөрдү айланып дрифт жасап, аталган учур тасмага тартылган. Ал эми онго жакын жол тандабас видео тартылып бүткөнчө тизилип токтоп турган.

*Жол эрежесине ылайык, борбордук аянттагы жолго унааны токтотууга тыюу салынат.

Видеонун автору бул көрүнүштү сынга алып, кортеждегилер ШИИБдин кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Муса Арзыбаевдин «атын жамынып, жол эрежесин бузуп жатканын» айткан.

«Мына [кортеждегилерди көрсөтүп] милиционерлерге эч кандай баш ийишпейт. Аянтта, жолдун так ортосунда, башаламандык кылып жатышат. Биринчи Toyota Corolla Муса Салиевичтин уулуна караштуу экен. Экинчиси да тонировкаланган, Салиевичке караштуу адамдыкы экен. Ал ушунчалык өзгөчө адамбы? Мыйзамга баш ийбей жатат», — деген ал.

Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубанычбек Камчыбеков «Клоопко» бул окуя дээрлик эки жума мурда болгонун билдирди.

Анын айтымында, кортежди баштаган Toyota Corolla үлгүсүндөгү эки унаага Муса Арзыбаев өзү баш болуп протокол түзүп, чара көргөн. Бирок ал так кайсы берене менен протокол түзүлгөнүн айта алган жок.

Ошондой эле ал жол тандабастар эрежени бузган эмес дейт. Басма сөз катчы унаалар токтоп турганы менен өчпөгөнүн айтат.

«Өзүнүн жоболору бар. Алар токтогон жок, унаа өчкөн жок да. Ошондуктан протокол түзүлгөн жок», — деди ал.

Ошондой эле Камчыбеков «кортежге Муса Арзыбаевдин уулунун тиешеси бар» деген маалыматты четке какты. Ал «Арзыбаевдин балдары мектепти да аяктай элек» деп ишендирди.

Мындан эки жыл мурда ушул эле аянтта той кортежинде жеңил унаасын чимирилте айдаган айдоочу 7 500 сом айып пулга жыгылган. Анда унаанын дөңгөлөктөрүнөн чыккан катуу үндү жыйында отурган мэриянын кызматкерлери угуп калып, патрулдук милицияга кабарлашкан.