УКМК журналист, блогер жана активисттерге эскертүү берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети журналист, блогер жана активисттерге чагымчыл материалдарды таратуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.

УКМК «коомчулуктун башын адаштырбоону, комитеттин убактысын, күч-аракетин ЖМКдагы чындыкка жатпаган маалыматтар менен фейктерди төгүндөөгө коротпоону» көптөн-көп өтүндү.

Ошол эле учурда, атайын кызмат «коопсуздук органдарынын көңүл буруусун талап кылган ишенимдүү маалыматтар» менен бөлүшүүнү суранды.

Мындай билдирүүгө журналист Уланбек Макканбаевдин Лейлек районунун Кулунду айылын «аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган унаалар ээн-эркин аралап жүрөт» деген видео кайрылуусу себеп болду.

УКМК видеодогу күйүүчү май ташыган унаалар аткезчиликке тиешеси жок экенин айтып жатат. Алар «Кыргызнефтегаз» ишканасына таандык жана дайыма эле ушул багыт менен каттайт.

«Кыргызнефтегаздын» май ташуучу унаалары. Сүрөт / УКМКнын басма сөз кызматы 

Буга чейин президент Садыр Жапаров укук коргоочулар, юристтер жана жарандык коом «Конституциянын нормаларына каршы келет» деген эскертүүсүнө карабай фейктер жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Мыйзам долбооруна ылайык, сайттарга жалган маалымат жарыяланса, соттун чечими жок эле ишине бөгөт коюлат.

Ошол эле учурда, УКМК өзү ар түрдүү жаңылыктарга карата маалымат менен бөлүшүп келет жана көпчүлүк учурда ал релиздер улуттук коопсуздук комитетинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү эмес. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын июль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Синофарм» вакцинасынын 1,1 млн дозасы Кыргызстанга 11-июлда келерин кабарлаган.