Аянтта президент куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда ардагер эс-учун жоготту

31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган парад өттү. Парадда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Өлкө башчысынын артындагы катардан экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков орун алышты.

Алардан тышкары, сахнада ардагерлер катарлаш олтурушту. Президент Жапаров куттуктоо сөзүн аяктап калганда ардагерлердин биринин абалы начарлап, эс-учун жоготуп жыгылды.

Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов «Клооптун» журналистине курган маегинде, ардагер жеринде текшерилип, ооруканага жаткырылбаганын айтты.

«Ал күндүн ысыгынан улам өзүн жаман сезген, текшерилген соң ардагердин абалы канааттандыраарлык», — деди Борисов.