Сүрөт баян: Бишкектеги Эгемендүүлүк күнүнө арналган парад кандай болду?

31-августта өлкөнүн Бишкектеги башкы аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү.

Иш чарага президент Садыр Жапаров, ошондой эле экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

Аскерлер менен техникадан тышкары, парадга ар түрдүү кызматтын өкүлдөрү: коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө жардам берген дарыгерлерден тартып, шаардагы тартипти сактаган муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине чейин катышты.

Сүрөт: Ислам Розиев / Клооп.