Бишкек милициясы: 31-августта Ала-Тоо аянтында 90 бала жоголду

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 31-август күнү Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда Ала-Тоо аянтында 90 бала жоголгонун билдирди.

Алар табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Бишкек, Ала-Тоо аянты. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, милициядан бир өспүрүм Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилгенин кошумчалашты.