Футбол: Кыргыз курамасы Палестина командасын жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2-сентябрда «Үч улуттун кубогу» турниринде Палестина курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Жалгыз голду оюндун башталышында дебютант Азим Азаров киргизди.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Беттеш кандай өттү?

Алгачкы жыйырма мүнөттү эки команда тең бирдей коркунучтуу чабуулдар менен өткөрүштү, бирок бул убакыт аралыгында эки команданын оюнчулары дарбазага түз гол киргизе алган жок.

23-мүнөттө Кыргызстан үчүн гол киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралды, бирок Гүлжигит Алыкулов тепкен топ штангага тийип калды. Кийин кыргыз оюнчулары бир гол киргизишти — жарым коргоочу Азим Азаров оң флангдан берилген топту башы менен сүзүп дарбазага киргизди.

Гол киргенден кийин демилге кыргыз курамасына өттү‌.

Экинчи таймдын башында Кыргызстан экинчи голду киргизүүгө аз калды — оюнчулар үч жолу гол кире тургандай учур жарата алды.

Андан со‌ң, командалар коркунуч жараткан чабуулдарды жасашты. Беттештин акырында палестиналыктар өтө эле кооптуу учурларды жаратып, бирок аларды ишке ашыра алышкан жок.

7-сентябрь күнү саат 20:30да боло турган кийинки оюнда Кыргызстан Бангладеш курама командасы менен беттешет.

«Үч улуттун кубогу» 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна даярдыктын алкагында өтүп жатат. Турнирдин катышуучулары Кыргызстан, Палестина жана Бангладештин курама командалары.