IT-адистеринен турган «Кибер-Партизандар» анонимдүү тобу 2-сентябрда Беларустун кыймылсыз мүлк мамлекеттик реестринин базасын бузуп киргенин жарыялады. Эгер бул чындык болсо, демек хакерлер Беларустун ар бир жаранынын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматка ээ болду.
Хакерлер өздөрүнүн Telegram-каналында бир катар белорустук чиновниктердин жана өлкө башчысы Александр Лукашенконун жакын адамдарынын мүлкү тууралуу маалымат жарыялашты. Алардын арасында Кыргызстандын экинчи качкын президенти Курманбек Бакиевдин жел тилкеси дагы бар.
Жарыяланган маалыматтарга таянсак, Бакиев «кызматтык пайдалануу үчүн» 2020-жылдын мартында 45 сотых жер тилкесин алган.
Жер тилкеси Минск районундагы атайын кайтаруудагы «Минское море» эс алуу зонасында жайгашкан. Беларус президентинин резиденциясынан анча алыс эмес.
Буга чейин «Кибер-Партизандардын» тобу өлкөнүн паспорттук системасын бузуп кирген. Ошондо бир нече аткаминердин жана Курманбек Бакиевдин паспорттук маалыматтары жарыяланган.
Беларустагы нааразычылыктар жана «Кибер-Партизандар»
Белорустук «Киберпартизандар» — 2020-жылдын сентябрь айында пайда болгон. Ошол кезде өлкөдө президенттик шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгондор бүткүл Беларус аймагында протестке чыгышкан. Жергиликтүү БШКнын маалыматына караганда, Лукашенко шайлоодо добуштардын 80%дан ашыгына ээ болуп, жеңишке жеткен. Бирок оппозициячыл саясатчылар менен активисттер буга макул болгон эмес — алар шайлоодо фальсификация болгонун айтып, Лукашенкону «легитимсиз» деп таанышкан.
Алар оппозициядан талапкер болгон Светлана Тихановскаянын шайлоодо жеңишке жетти деп эсептешет — Тихановская өлкөдөн качууга аргасыз болгон, бирок дайыма дүйнөлүк лидерлер менен жолугуп турат.
Беларустагы шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылыктар 2020-жылдын августунан кышка чейин уланган. Протестке чыккандар ОМОНдун кызматкерлери тарабынан куулган. Протест учурунда жалпы миңге жакын адам кармалган. Кармалган адамдар күч органдары тарабынан кыйноого алынганын айтышкан. БУУ Беларустагы протесттин алгачкы үч аптасында эле кармалгандарга карата орой мамиле жана кыйноолордун 450 учуру документтештирилгенин билдирген.
Ошондой эле, протесттин бир канча катышуучусу тынчтык акциясына катышканы үчүн реалдуу жазаларды алышкан. «Жаз» укук коргоочу уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 9-августунда Беларуста 610 адам саясий туткун деп таанылган.
Мындай шартта «Киберпартизандар» Беларустун мамлекеттик каналдарынын сайтын бузуп кирип, интернеттеги-эфирге демонстранттар кармалганын жана ур-токмокко алынганын жарыялашкан. Андан тышкары, хакерлер бир нече жолу мамлекеттик ведомстволордун сайтын бузуп кирип, бир катар символикалык акцияларды өткөрүшкөн — мисалы, Лукашенкону Беларус ИИМнин сайтындагы издөө салынгандардын тизмесине кошкон. Андан тышкары, кибер топ күч түзүмдөрүнүн базасына кирип, демонстранттарды кыйноого алууга тиешеси бар деп эсептеген күч орган кызматкерлеринин аты-жөнүн жарыялаган. Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда «Кибер-Партизандар» жана «Кибер-Сливы» telegram-каналдарын Минск соту экстремисттик деп тапкан.
Бакиев Беларуста
Курманбек Бакиев 11 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы Кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.
Беларуска анын башка туугандары да көчүп кетишкен — бозгун президенттин жээни Асылбек Салиев жана небереси — Марат Бакиевдин уулу — Руслан Бакиев.
Курманбек Бакиев Кыргызстандан качып кеткен соң, алгач «Плавно» президенттик резиденциясында жашаган, андан кийин ал Минсктеги «Дрозды» элиталык районуна көчүп, 2017-жылы болсо качкын президенттин Минсктеги «Лебяжий» элиталык районуна үй курганы белгилүү болгон.
2020-жылдын июнь айында Лукашенко Курманбек Бакиевге жалпы аянты 70 сотых жерди «өмүр бою жана мураска өткөрүү» мүмкүнчүлүгү менен берген — 45 сотых участогу президенттин «Заславль-2» резиденциясына чукул жерде, жана экинчи 25 сотых жер жанаша участокто.
Сот 2013-жылы Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.
Бозгун президенттин улуу баласы Марат Бакиев ал убакта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Ал дагы сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот өкүмдөрдү күчүндө калтырган.
Бозгун президенттин дагы бир уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин финансылык көз боёмочулукка айыпталган. Биринчи май райондук соту ага карата мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.
Мындан тышкары, Бакиевдер президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.