Эгерде Бакиев Кыргызстанга келсе, камакка алынат — Башкы прокуратура

Башкы прокуратура билдирүү таратып, Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиев өлкөгө кайтып келсе токтоосуз камакка алынаарын билдирди.

Көзөмөл органынан Бакиев 2016-жылдагы соттун чечимине ылайык кармалаарын түшүндүрүштү. Ал боюнча мурдагы президентке 2010-жылдын 7-апрель окуясына байланыштуу сыртынан 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Дал ошол күнү, апрель революциясынын шартында Бакиевдин режими кулап, ал үй-бүлөсү менен өлкөдөн качкан. Жарандар менен күч органдарынын кагылышуусунда 80 киши каза болгон.

Башкы прокуратурадан дагы бир бозгун президент Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келгенден бери Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан иш боюнча «тергөө менен активдүү кызматташып жатканын» кошумчалашты.

Курманбек Бакиев Белорусту байырлаганына 10 жыл болду — ал үй-бүлөсү менен 2010-жылы, бийликтен кулагандан кийин чыгып кеткен. Белоруска анын башка туугандары да чыгып кетишкен — мурдагы өлкө башчысынын бир тууганынын уулу Асылбек Салиев менен небереси — Марат Бакиевдин уулу — Руслан Бакиев.

Курманбек Бакиев алгач президенттин «Плавно» резиденциясында жашап жүргөн, кийин Минск шаарынын элиталуу району «Дроздыга» көчүп кеткен. Ал эми 2017-жылы Минсктин «Лебяжий» районунда үй куруп бүткөнү белгилүү болгон.

Ал эми 2020-жылы июлда Лукашенко Бакиевге 70 сотых жерди «өмүр бою ээлик кылуу үчүн мурас катары» бергени белгилүү болгон — бул «Заславль-2» президенттин резиденциясынан анча алыс эмес аймактагы 45 сотых жана ортодогу 25 сотых жер.