Лукашенко өзүнүн резиденциясынын жанынан Бакиевге 70 сотук жер бөлүп берди

Белорустун Tut.by жаңылыктар басылмасы аталган өлкөнүн президенти Александр Лукашенко Минск деңизиндеги резиденциясынын жанынан Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге эки жер участогун бөлүп бергенин билдирди.

2020-жылдын 17-мартында Бакиев жалпы аянты 70 сотуктан ашкан «өмүр бою мурастап калууга боло турган» жер участогун — президенттин «Заславль-2» резиденциясынан алыс эмес жердеги 45 сотук жер аянтын жана 25 сотук айкаш жер тилкесин алган. Бул тууралуу маалымат Белорустагы Кыймылсыз мүлк бирдиктүү мамкаттоосунда жарыяланган.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Бакиевдин Минск шаарындагы элиталык кичи районунда турак жайы бар, буга чейин ал «Плавно» президенттик резиденциясында жашаган, андан кийин Минскдеги элиталык «Дрозды» районуна көчүп келген. Анын тун уулу Марат Раубичи элиталык кыштагында жашайт. Ал эми Максим Англиянын Суррей округунда беш миллион АКШ долларын түзгөн турак жайда жашоону туура көрөт.

Кыргыз президенти кантип Белоруста жашап калды?

Курманбек Бакиев Кыргызстандын тарыхындагы кулатылган экинчи президент болуп калды. Ал өлкөнү беш жыл гана башкарып, 2010-жылы 7-апрелде бийликтен ажыратылган. Төңкөрүш учурунда, анын буйругу менен күч түзүмдөрү катышуучуларга каршы курал колдонушкан. Анда курман болгондордун саны 80ден ашкан. Бакиевди кландык башкарууга, ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрүн атаандаштарды жана журналисттерди өлтүрүүгө жана кысым көрсөтүүгө айыпташкан.

Ага, анын уулдарына жана агасына карата кылмыш иши козголуп, алардын айрымдары өмүр бою абак жазасына кесилген.

Андан мурдагы президент Аскар Акаев 2005-жылы кызматынан кетирилген. Азыр Акаев Орусияда жашайт. Ал эми Бакиев Белорустан саясий башпаанек алган.

2019-жылдын жайында, Белорустун президенти Александр Лукашенко менен Курманбек Бакиевдин жолугушуусуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Белорустун элчилигинин өкүлү Сергей Ивановго нааразычылык нотасын тапшырган.

6-августта Белорустун президенти Александр Лукашенко «өзүнүн досу жана кесиптешин» Кыргызстандын качкын президенти Бакиевди 70 жылдык туулган күнү менен куттуктаган.

«Баарыбыз сенин туулган күнүңө келебиз. Сен кыргыз палоосун бизге жасап бере аласыңбы? Палоо сенден, шарап бизден!» — деп Лукашенко Бакиевге кайрылган.

Июнь айынын башында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Курманбек Бакиевди жана анын шериктерин мажбурлап өлкөгө кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кабарлаган. Буга чейин, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттолуучулар ал Жаныш Бакиевге алмаштырылышы үчүн бошотулганын айтышкан.

Бакиев эмне менен алектенет?

Бакиев журналисттерге аялынын мойнунда отурганын жана жумушсуз экенин айтканы менен, Белорустун массалык маалымат каражаттары муну төгүндөшөт.

Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн Минсктин борборунда чоң элита комплексинин курулушу менен байланыштырышат. Ал Centropol деп аталат — анда казино, көңүл ачуу борбору, ресторандар жана барлар болот. Курулушка 80 миллион долларга жакын каражат жумшалган.

Ошондой эле ЖМКлар Белорус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын (БУБК) акционерлеринин арасында Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев жана анын уулдары Марат менен Максим болушу мүмкүн деп жазышкан. Бакиевдин жээни Асылбек Салиевдин да бул компаниядан 22,5 пайыздык үлүшү бар.

БУБКны Даниил Урицкий башкарат — Кыргызстандын мурдагы премьер-министр жана Бакиевдин өнөктөшү Данияр Үсөнов аты-жөнүн дал ушундай кылып өзгөртүп алганы айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Белорус ЖМКсы: Бакиевдин Минсктеги жаңы үйүнүн көрүнүшү кандай?

«Азаттык»: Марат Бакиевдин Белорустагы хан сарайы табылды

«2010-жылда революция болду деп айтканга болбойт»: Курманбек Бакиев «Азаттык үналгысынын» эфиринде эмнелерди айтты?