ТИМ Пакистан менен Индиянын жарандарына виза берүүнү токтотту

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Пакистан менен Индиянын жарандарына виза берүү токтотулганын билдирди.

ТИМ виза берүүнү токтотуу себебин Кыргызстандын мамлекеттик органдары коопсуздук маселелерин эске алуу менен чет өлкөлүктөрдүн келүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин өзгөртүп жатканы менен түшүндүрдү.

«Алгоритм чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына келиши үчүн чакыруучу тараптардын жоопкерчилигин карайт», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Алгоритмге өзгөртүү киргизилгенине байланыштуу «Электрондук виза» порталында виза алууга арыз берүү процессин өзгөртүү үчүн техникалык иштер жүргүзүлүп жатат.

«Өтүнмө ээлеринен атынан туристтик виза алуу үчүн өз алдынча арыз берүү токтотулду жана ишкердик виза алуу шарттарына окшоштуруп, кабыл алуучу уюмдун атынан айрым өлкөлөрдүн чет элдик жарандарын чакыруу функциясы киргизилүүдө», — деп кошумчалашты ТИМден.

Туристтердин көбөйүшү

Буга чейин, 23-августта ТИМ үстүбүздөгү жылдын июн айынан тартып чындап эле Пакистандын жарандарынан кыргыз визасын алуу үчүн көптөгөн кайрылуу түшүп жатканын моюндаган.

Кайрылуулардын орчундуу бөлүгү «Электрондук виза» порталына келип түшөт, анда Пакистандын жарандары өлкөгө келүү максаты туризм экенин билдирип, 30 күнгө чейинки бир жолку туристтик виза алышат.

«2021-жылдын июль-август айларында “Электрондук виза” системасы аркылуу Пакистандын жарандарына 7,5 миңге жакын туристтик виза берилген», — деп билдиришти ведомстводон.

Мындай билдирүүнү ведомство таратты, анткени соцтүйүн колдонуучулары Кыргызстанда пакистандыктар көбөйүп кеткени тууралуу маалыматты жигердүү жайылтып жатышкан.


Анда ТИМ пакистандыктар Кыргызстанга туризм максатында келип, болжолдуу 15 күндөй өлкөдө калышарын, андан соң Бириккен Араб Эмираттарына же Сауд Аравиясына учуп кетишерин түшүндүргөн. Алар Кыргызстанга милдеттүү карантин мөөнөтүн өткөрүү үчүн жүрүшөт.