Тизме: 75 саясий партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Иллюстративдик сүрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын билдирүүлөрүн кабыл алууну аяктады. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого жалпы 75 партия катыша турганын билдирди. Алар:

  1. «Социал-демократтар»;
  2. «Улуттар Биримдиги»;
  3. «Ишеним»;
  4. «Альянс»;
  5. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
  6. «Жаратман эл»;
  7. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
  8. «Ата Мекен»;
  9. «Ыйман Нуру»;
  10. «Эл Үмүтү»;
  11. «Актив»;
  12. «Бийлик элге»;
  13. «Акыйкат Кыргызстан»;
  14. «Ар-Намыс»;
  15. «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы»;
  16. «Күч биримдикте»;
  17. «Азаттык»;
  18. «Ынтымак»;
  19. «Аалам»;
  20. «Тилектештик»;
  21. «Социалист»;
  22. «Ак Асаба»;
  23. «Ак Бата»;
  24. «Адилет»;
  25. «Ата-Журт Кыргызстан»;
  26. «Мекенчил Эл»;
  27. «Бирге-Вместе»;
  28. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»;
  29. «Менин Мекеним»;
  30. «Келечек-Будущее»;
  31. «Элдик партия»;
  32. «Биздин эл»;
  33. «Жаңы эра»;
  34. «Аруузат-Эл куту»;
  35. «Жаңы Мезгил»;
  36. «Бүтүн Кыргызстан»;
  37. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партия»;
  38. «Асыл-Мурас Жаштар»;
  39. «Багыт»;
  40. «Чоң казат»;
  41. «Улутман»;
  42. «Эмгек»;
  43. «Аманат»;
  44. «Ордо»;
  45. «“Асаба” элдик кайра жаралуу»;
  46. «Либералдык-прогрессивдүү» партия;
  47. «Айкөл Кыргызстан»;
  48. «Кыргызстан элдеринин конгресси»;
  49. «Элдик кыймыл»;
  50. «Нур»;
  51. «Элдик көзөмөл»;
  52. «Тынчтык»;
  53. «Эгемен Кыргызстан»;
  54. «Легалайз»;
  55. «Адам укугу»;
  56. «Мурас»;
  57. «Чындык»;
  58. «Реформа»;
  59. «Ак-Ниет»;
  60. «Ак Санат»;
  61. «Замандаш»;
  62. «Улуу-Журт»;
  63. «Жашасын Кыргызстан»;
  64. «Күчтүү регион»;
  65. «Ак Шумкар»;
  66. «Туран»;
  67. «Кыргызстандын фермерлер» партиясы;
  68. «Жаштар прогрессивдүү» партиясы;
  69. «Баба-дыйкан»;
  70. «Кыргызстан»;
  71. «Ак-Шам»;
  72. «Ашар-Алтан»;
  73. «Кыргызстан элдеринин ынтымагы»;
  74. «Эркин Кыргызстан»;
  75. «Эне жүрөгү-Мекен»;

Жыйынтыгы жокко чыгарылган октябрдагы шайлоого катышкан партиялардын арасынан кайра шайлоого мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Социал-демократтар», экс-депутат Өмүрбек Текебаев негиздеген «Ата Мекен», депутат жана ишкер Айбек Осмонов негиздеген «Ыйман Нуру», экс-депутат Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» жана Каржы полициянын экс-башчысы Сыймык Жапыкеевдин «Чоң казат» партиялары катышат.

Алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы гана шайлоонун 7 пайыздык босогосунан өткөн. Ал эми президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге таандык «Мекенчил» партиясы бул шайлоого катышкан жок.

Анткен менен коомчулукта Ташиевге таандык делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы катышууда. Бул партия буга чейин бир гана 2021-жылы жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого гана катышкан.

Андан сырткары шайлоого катышууга ниетин билдиргендердин арасында Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов негиздеген «Улуттар Биримдиги», экс-премьер-министр Феликс Куловдун «Ар-Намыс», Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге таандык «Ак Бата» партиялары да бар.

Бирок шайлоого жакын партиялардын саны азайышы мүмкүн. Көбүнчө партиялар 5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөдөн баш тартып, же бири-бири менен биригүүгө барып парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышат.

Октябрдагы парламенттик шайлоонун жокко чыгышы

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо жокко чыгарылган. Анткени шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер мөөнөтсүз митинге чыгышкан. Натыйжада октябрь окуялары бийликтин алмашуусун шарттаган.

Негизинен митингчилер шайлоо учурунда добуш сатып алуу болду жана административдик ресурс колдонулду деп нааразы болушкан. Шайлоодо мыйзам бузуулардын көпчүлүгү бийликчил делген «Биримдик», таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» жана бийликке жакын болгон «Кыргызстан» партиялары тарабынан катталган.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, аталган үч партия Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 107сине ээ болушкан. Митингчилер Ак үйдү басып алышып, камакта отурган бир катар саясатчылар бошотулган — алардын арасында Садыр Жапаров да болгон.

Жыйынтыгында БШК шайлоону жокко чыгарган. Ал эми Жапаров бийликке келип, президенттик шайлоо менен катар өлкөнүн башкаруу формасы боюнча референдум өткөргөн. Андан кийин жаңы Конституция кабыл алынып, анын авторлору парламенттин укуктарын азайтып, президенттин укуктарын эбегейсиз кеңейткен.