Жапаров Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар БАЭнин ишкерлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, делегациянын курамында энергетика, айыл чарба, туризм, логистика тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери, ошондой эле министрликтердин өкүлдөрү бар.

Миссияны БЭАнын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазури баштап келди. Ал эмират тараптын Борбор Азия мамлекеттерине БАЭ товарларын жеткирүүнү жолго коюу үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу пландары бар экенин билдирди.

Президент өз кезегинде, ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.

«Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат», — деди Жапаров.

Ошондой эле, Turmush басылмасынын корреспонденттерине эмираттан келген ишкерлерге келечектеги «Асман» шаарынын курулуш аянты көрсөтүлгөнүн кабарлашкан.

Сүрөт: Turmush.

20 млрд долларга курулуучу шаар

«“Асман” — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы астында 5-июлда тааныштырылган.

Авторлордун оюнда, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, ал эми бүтүндөй эко-шаардын өзү 7-10-жылдык мөөнөттө курулмакчы. Долбоордун авторлорунун айтымында, долбоорду ишке ашыруу экономикага олуттуу инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле атамекендик курулуш материалдарына, азык-түлүккө, кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Алардын идеясына ылайык, шаардын өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын кеңири пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн оптималдуу пайдалануу, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.