КМШ оюндары: Күрөш боюнча кыргыз курамасы 10 медаль жеңди

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 10 медалга ээ болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, оюнда күрөш боюнча кыргыз курамасы бир алтын, төрт кумүш жана беш коло медаль жеңип алды.

Күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы

Сүрөт: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги

Кыздар арасында 55 кг салмактык даражада Калмира Билимбек кызы алтын медалга ээ болсо, 62 кг салмактык даражада Назира Марсбек кызы жана 59 кг салмактык даражада Нураида Анаркулова күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми КМШ Оюндарынын коло медалына 57 кг категорияда Бермет Нурдин кызы, 72 кг категорияда Нурзат Нуртаева жана 50 кг категорияда Назик Мирлан кызы татыды.

Эркин күрөш боюнча курама

Сүрөт: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмактык даражада Алмаз Сманбеков менен 65 кг салмактык даражада Икромжон Хаджимурадов күмүш медаль тагынышты.

Ал эми 61 кг салмактык даражада Тайырбек Жумашбек уулу, 86 кг салмактык даражада Нуртилек Карыпбаев жана 70 кг салмактык даражада Айбек Токтогул уулу коло байгеге ээ болду.

Спортчулар башкы машыктыруучулар Үсөнаалы Рыскулов, Сүймөнкул Таабалды уулу жана Исламбек Тазабековдун жетекчилиги алдында чыгышкан.

КМШ оюндары 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин Татарстандын Казань шаарында өтөт. Ага КМШнын тогуз өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Оюнда жалпы 16 спорттун түрү боюнча 182 комплект медаль ойнотулат.