Жалал-Абад: Убактылуу кармоочу жайда кармалган аялдар ыдыкка жана кысымга даттанышты

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарындагы №53 убактылуу кармоочу изоляторунун аял кызматкери «Ж.М.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, адамдын кадыр-баркын басмырлоого жана тергөөдө жүргөндөрдүн укуктарын одоно бузууга айыпталып жатат. Бул тууралуу 6-сентябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун (КАУБ) Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Улуттук борбордун кызматкерлери 30-августта тергөө изоляторду текшеришкен. Анын жүрүшүндө кармалып жаткан беш аял кызматкердин үстүнөн даттанышкан. Алардын бири «Ж.М.» аны кысымга алып, «интимдик жерлерине тийгенин» билдирген.

«[Камактагы аял] муну токтотууну сураганда, түрмө кызматкери “туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек” деп, орой түрдө сүйлөгөн», — деп берилет КАУБдун билдирүсүндө.

Ал эми башка аялдар да аталган кызматкер «кемсинтип, физикалык күч колдонуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбурлаганын» айтып даттанышкан.

Тергөө абагында кармалган аялдардын биринин айтымында, ал жуунуп жатканда «эркек коштоочулардын алдында чечинүүгө мажбур болгон». Мындан сырткары, кармалган аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынаары, ал эми камактагыларга кысым көрсөткөн кызматкер аларга жеке буюмдарын берүү же бербөөнү өзү чечери аныкталган.

КАУБдун кызматкерлери №53 тергөө изоляторун кошумча текшергенде мекеменин медициналык бөлүмүндө мөөнөтү өтүп кеткен сегиз дары сакталып турганына да күбө болушкан. Ошондой эле, убактылуу кармоочу жайда ашканасында тазалык сакталбай, камактагыларга күнүнө белгиленген 80 грамм эттин ордуна 15 грамм гана берилери аныкталды.

Ошондой эле, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан убактылуу кармоочу жайда өкүмү чыккан үч соттолуучу мыйзамсыз кармалып жатканын билдиришти. Жазык-аткаруу кодексине ылайык, соттун чечими менен эркинен ажыратылгандар 10 күндүн ичинде түзөтүү колонияларга которулушу керек.

Бул фактылар боюнча КАУБдун кызматкерлери прокуратурага кайрылышып, №53 ТИЗОнун жетекчилерине жана кызматкерлерине чара көрүүнү, жадагалса аларга карата сотко чейинки өндүрүштү ачууну өтүнүштү.