КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков 2-сентябрда фейсбук жана инстаграмдагы барагында күйөөсү уруп-сабап, кордогон аялдарга кайрылып, зомбулуктун кайталанышына аялдардын өзүн күнөөлөдү.
Карыпбеков Кыргызстанда белгилүү адамдардын катарына кирет. Анын фейсбукта [8-сентябрга карата — ред.] 31 599, инстаграмда 261 миң катталуучусу бар. «Клооптун» журналисттери Карыпбековдун жазган посту эмнеси менен туура эмес экенин айтып берет.
Карыпбеков эмне деп жазды?
Карыпбеков өзүнүн постунда зомбулук көрсөткөн күйөөлөрүнөн кете албаган аялдардын негизги аргументтерин сүрөттөгөн. Анын айтымында, аялдар көпчүлүк учурда күйөөсүнүн ур-токмогуна «балдары үчүн» чыдап жашай беришет.
«“Эмне кылам? Балдарым бар, жумуш жок, ата-энем жана бир туугандарым жардам бере алышпайт, тескерисинче жемелешет. “Баарыбыздын башыбыздан өткөн, өтүп кетет, көнүп каласың, кийин антпей калат, колуңа түшөт, бара-бара башкарып каласың... 40 жылдан кийин. Азырынча чыда” дешет… Ушулардын баарына чыдаган ардактуу аялдар, силерге айтарым, баарыңар келесоосуңар! Толук келесоосуңар!» — деп жазган Карыпбеков.
Ошондой эле, ал эркек аялга бир жолу кол көтөрсө, демек ал мындан ары да кол көтөрүүнү адатка айландырат деп кошумчалаган.
«Демек ал кем акыл, деградант, коркок жана акмак. Мына ушундай. “Өзү жакшы эле киши, балдарды жакшы көрөт. Жөн гана жумушу көп, чарчайт, азыраак ичимдик ичкен ж.б. дегендер” — бул өзүңөрдү алдоо. Силер өзүңөрдү алдап, алаксытып, анын өзгөрүшүнө үмүттөнөсүңөр. Андай болбойт! Силер өмүр бою бактысыз болосуңар. Силер тозоктун жашоосун жашап өтөсүңөр. Силер өзүңөрдү зомбулукка, кемсинтүүгө түртүп жатасыңар. Ишенгиле, балдарга мындай атанын таптакыр кереги жок», — деп жазган Карыпбеков.
КТРКнын мурдагы башчысынын мындай кайрылуусу Бишкек шаарындагы караокелердин биринде аялын чыканагы менен бетке уруп, тепкичтен тоголото койгон эркектин окуясынан кийин жарыяланды.
Кафенин кызматкерлери милиция чакырууну сунуштаганы менен жабырлануучу баш тарткан. Бул окуя тууралуу тасма социалдык тармактарга жарыялангандан кийин милиция факт боюнча иш козгогон.
Кийинчерек жабырлануучу кафенин администрациясынын үстүнөн «жеке жашоого кийгилишүү» боюнча арыз жазган. Ал эми ага кол көтөргөн жолдошунун үстүнөн арыздануудан баш тарткан.
Кадимки виктимблейминг же Карыпбековдун пикири эмнеси менен туура эмес?
Виктимблейминг — бул жабырлануучу кабылган зомбулукка же кылмышка ага карата болгон кордук үчүн анын да жоопкерчилиги каралган көрүнүш. Виктимблейминг көп учурда жабырлануучунун жана анын жакындарынын кайрадан жабыркашына алып келет.
Карыпбековдун жогорудагы аракети — кадимки виктимблейминг, жабырлануучу кабылган зомбулукка анын өзүн күнөөлөгөндүк. Дал ушундай аракеттердин айынан жабырлануучу аялдар милицияга аз кайрылышат.
IWPRдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн координатору, феминист Бегайым Замирбек кызы Карыпбековдун посттун сынга алып, анын өзүн «популист» деп атады.
«Сиз түшүнүп жатасызбы, кыздарды бала чагынан эле чыдамкай бол деп тарбиялашат, ал эми мамлекет кыздарды урган зөөкүрлөрдү жазалабайт, аягында баары бир аял күнөөлүү болуп калат», — дейт Замирбек кызы.
Ошондой эле, ал Карыпбековго кайрылып жатып, «аялдар зомбулукка күйөөлөрүн эмес өздөрүн күнөөлү сезгендиктен кордукка чыдап жүрүшөт» деп белгиледи. Карыпбеков жазган постунда аялдарды зөөкүр күйөөлөрүн таштап кетүүгө чакырганы менен эркектин зомбулугун сынга алып, аны токтотууга чакырык таштаган эмес.
«Илим, сизге окшогондор, сабалган аялдарды эрки жок, келесоо деп атагандыктан да ал коомчулукка күйөөсү сабап жатканын айтып чыкпайт. Аны жакшы эле түшүнсө болот. Эгерде чындап эле аялга бооруңуз ооруп жатса, анда сиз ал эрекекке барып туура эмес кылганын айтсаңыз болмок жана аудиторияңызды ушул багытка бурсаңыз болмок», — деп кейиген ал.
Эмнеге аялдар зөөкүр күйөөлөрүнөн кете алышпайт?
Зомбулукка кабылган аялдарга жардам берип жүргөн укук коргоочулар «зомбулуктун тегирменинен суурулуп чыга албай жаткандын көптөгөн себеби бар» дешет.
Биринчиден, аял зомбулукка кабылып жатканын ар дайым эле түшүнө бербейт, анткени агрессор көбүнесе «эмоционалдык селкинчекти» колдонот. Ур-токмокко алгандан кийин аялга кам көрүү жана көңүл буруу менен, алардын мамилеси жакшыра тургандыгына ынандырат. Же болбосо аял системалуу түрдө зомбулукка кабылып жүргөндүктөн, кетип калуу чечимин кабыл ала албай калат.
Экинчиден, аял жардам суроодон да коркот, анткени ал милицияга арыздана турган болсо, жолдошу аны «өлтүрүү» же дагы «сабоо» менен коркутат.
Үчүнчүдөн жабырлануучу аял жакындары тарабынан колдоо болооруна ишенбейт. Көпчүлүк туугандары анын зомбулукка кабылып жүргөнүнө ишенбейт. Себеби, үй-бүлөнүн ичиндеги чырды сыртка алып чыкпа, ажырашуу уят дешет.
Төртүнчүдөн, жабырлануучу аялдар эч жерде иштешпейт. Демек алар батирдин ижарасы үчүн акча төлөй алышпайт жана балдарын бага албайт. Өз укуктарын сотто жана ажырашуу процессинде коргоп алуу үчүн жактоочу жалдоого да каражат керек.
Бешинчиден, жабырлануучу аялдар милицияга ишенишпейт, анткени алар үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш катары эсептебейт.
Алтынчыдан, жабыркаган аялдар кимге кайрыларын билишпейт.
Жетинчиден, аялдар мурунку күйөөлөрүнүн өчөшүп калуусунан коркушат.
Мындай себептерди мисал кылып келтире берсе көп. Ал эми анын эң маанилүүсү — «өзүң күнөөлүсүң» деген стереотиптик сөз укук коргоочулардын жана судьялардын ишин жеңилдетип жаткандыгында. Дал ушул стереотип муктаж аялдарга керектүү жардам алууга тоскоолдук жаратып келет.
Көпчүлүк учурда туугандар чечет
Ош шаарындагы «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова күйөөсүнүн зомбулугуна чыдап жүргөн аялдарга туугандары тарабынан колдоо болбогондуктан «ажырашып кете албайт» деген пикирин билдирди.
Анын айтымында, ата-энеси жана туугандары тескерисинче «бир үйдү кармап отура албадың» деп жемелеп, баары ажырашкан аялдан өздөрүн оолак туткандыктан, алар психологиялык жактан жабыркашат. Коом да аялды күнөөлөй бергендиктен айласыздан ал күйөөсү менен жашаганга мажбур болот.
«Эгер мен Карыпбековго окшоп коомго таанымал киши болгонумда, анда мен эркектерге “аялдарды аягыла” деп таалим-тарбия бере тургандай сөздөрдү айтмакмын. Эркектерге “биз аялдан жаралганбыз, аял биздин карындашыбыз, эжебиз, кызыбыз” демекмин», — деди ал.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын укуктарын 10 жылдан бери коргоп келген жактоочу Шердор Абдыкапаров аялдар туугандарынан көз каранды экенин тастыктады.
Анын айтымында, күйөөсү сабаган аялдардын 80%ы тосмо арыз жазышат. Анткени өзүнүн жана күйөөсүнүн жакындары ага басым жасайт. Ошондой эле, ал аялдар каржылык жактан да күйөөсүнөн көз каранды болушат.
«Мындан улам күйөөсү тарабынан сабалган аялдардан арыз түшкөндө тергөөчүлөр көбүнчө ишти баштабай күтүп турушат. Же мыйзам боюнча иш козгоп тергей баштаса, аялдар кайра милициянын үстүнөн арыз жазып башташат. Кээ бир учурда мындай иштер соттук кароого чейин жетет, бирок аял “балдарым үчүн дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип көрөйүн” деп сотто доосунан баш тартышат. Тилекке каршы зомбулук ошондуктан азайбай жатат», — дейт Абдыкапаров.
Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук
Акыркы бир нече жылдан бери ар жыл сайын Кыргызстанда 7000дей үй-бүлөлүк зомбулук катталып жатат. Мындан сырткары, көпчүлүк зомбулук жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча кенен экенинен кабар берет.
Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштер айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.
Ошондуктан жоопкерчиликке тартылбай турганын билген агрессорлордун колунан жабыркаган аялдар өлүп да калышы мүмкүн. «Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табаары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.
Кризисттик борборлордун даректери:
«Сезим» кризистик борбору Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 0312512640
«Энсан — Диамонд» коомдук уюму Ош, Ленин көчөсү 205/105 0772328960
«Акылкарачач» кризистик борбору Ош обл. Гүлчө айылы 0555281423
«Аруулан» кризистик борбору Ош, Ленин көчөсү 205 0776380777
«Мээрбан» кризистик борбору Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
«Тендеш» кризистик борбору Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
«Маана» кризистик борбору Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
«Жаныл Мырза» кризистик борбору Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
«Каниет» кризистик борбору Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
«Алтынай» кризистик борбору Чолпон-Ата шаары 0709694550
«Мээрман» кризистик борбору Каракол шаары 0706383637
Авторлошу: Анна Капушенко
Дагы окуңуз: