Бишкек: Караокеде аялын сабаган адамга «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду

Соцтармактарда эркек киши чыканагы менен аялды бетке уруп, ал тепкичтен төмөн карай тоголонуп кеткен видео тарады. Милиция бул факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Видео: Kaktus.media

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, зомбулук окуясы 28-августтан 29-августка караган түнү Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан караоке-барлардын биринде болгон. Тергөө учурунда мекеменин администратору караоке-бөлмөлөрдүн биринде көп адамдан турган топ эс алганын айткан.

«Ал түнкү саат 01:20 чамасында белгисиз эркек киши аялды бетке чаап, аял тепкичтен тоголонуп кеткенине күбө болгон. Ал милицияга телефон чалууну сунуштаган, бирок аял экөө аялы-күйөөсү экенин айтып баш тарткан. Кече бүткөндө алар имараттан бирге чыгып кетишкен», — деди милиция кызматкерлери.

РИИБден тергөөчүлөр аялга кол көтөргөн жаранды издеп жатканын билдиришти.

Тема боюнча:

Милиция балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине кол салган кишиге кылмыш ишин козгоду