Эл аралык укук коргоочулар: Жапаровдун башкаруусунда бийликке сын айткандарга басым күчөдү

Кыргызстан менен Евробиримдиктин өкүлдөрү Брюсселде салтка айланган Адам укуктары боюнча диалог өткөрүштү.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, сөз эркиндиги жана ЖМКлар тууралуу талкуу болгонун билдирди.

Евробиримдик фейктер менен Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу чуулгандуу мыйзамдардын кабыл алынышына жана кылмыш мыйзамдарынын өзгөргөнүнө тынчсызданууда. Алар бул мыйзамдар «тиешелүү эл аралык конвенциялар боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине каршы келерин» эске салышты.

Ошондой эле, Кыргызстанга укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча «калыс жана ачык-айкын иликтөө» жүргүзүлүшү керек экенин эскертишти.

*Диалогдон эки күн өткөндөн кийин Башкы прокуратура менен ЖАМК Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөө иши жанданганын билдирди.

Брюссель жолугушуусунун алдында Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму жана Укуктук өнүгүү фондунун (LPF) укук коргоочулары Евробиримдиктин өкүлдөрүнө кайрылган. Алар ЕБге 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, саясий кризис орногондон бери Кыргызстанда чындыгында кандай окуялар болуп жатканы жөнүндө баяндама жасашкан. «Клооптун» журналисттери докладды изилдеп, укук коргоочулардын тынчсыздануусун жараткан маанилүү учурларына токтолду.

Жапаров жана басымдын күчөшү

Докладдын авторлорунун айтымында, Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен жарандык коомго, укук когоочуларга жана адилеттүүлүк менен мыйзамдын үстөмдүгүн талап кылгандарга басым күчөгөн.

Алар Жапаровдун жеңиши «бирдей шарттардын жоктугуна тынчсыздануу жана мамлекеттин ресурстарын анын пайдасына максатсыз колдонуу шартында камсыздалганын кошумчалашты.

Жалпысынан укук коргоочулар Кыргызстандагы 2020-жылдын октябрындагы кризистен кийинки «адам укугу, демократиялык башкаруу жана мыйзамдын үстүмдөгү жаатында олуттуу тынчсыздануу жаратат» деп эсептешет.

«Биз Европа Биримдигин Кыргызстандагы 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин адам укуктарына, демократиялык башкарууга, мыйзамдын үстөмдүгүнө карата жаралган олуттуу коркунучка жана акыркы убактарда катталган саясий, коомдук активисттерге, журналисттерге, юристтерге жана башка бийликти сындаган адамдарга карата басымдын күчөп жатышына реакция кылууга чакырдык», — деп жыйынтыктаган докладдын авторлору.

Укук коргоочулар кайсы маселелерди кайра кароону суранды?

  • Жаңы Конституция. Укук коргоочулар өлкөдөгү жаңы бийлик жаңы Конституцияны «күчкө салып кабыл алдарганын» жана документ «талаштуу» экенин белгилешти. Алар Конституция «президенттин ыйгарым укуктарын бир топ кеңейтип, ошол эле учурда ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын алсыратуу менен авторитардык бийликке жол ачат» деген пикирде.
  • Мөөнөтү бүткөнүнө карабай дагы бир жыл бийликте отурган парламент. Ал «убактылуу орган» болушу керек болчу, бирок «олуттуу мыйзам чыгаруу процесстерине аралашты» жана «негизги укуктар менен эркиндиктерди коргоого олуттуу коркунуч жараткан бир катар мыйзамдарды кабыл алууга шашты».
  • Өлкө мыйзамдарын шашылыш инвентаризациялоо. 2021-жылдын 31-декабрына үлгүрүп калуу үчүн аны кеңири коомдук талкууга салбай, эксперттер же чиновниктердин анча чоң эмес тобу менен талдабай өткөрүшкөн. Ошол эле учурда, «инвентаризация менен катарлаш эле мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси уланууда жана алар кароо стадиясына келип калды.
  • Азырынча кабыл алына элек, бирок «көз карандысыз профсоюздук ишмердүүлүккө чектөө койгон жана эл аралык стандарттарга каршы келген» нормаларды камтыган жамааттык кошуундар жөнүндө мыйзам.
  • Коррупция менен күрөшүүдөгү тандалма жана саясатташкан мамиле. Докладдын авторлору президент Садыр Жапаров кызматка киришип жатып коррупция менен күрөшүүнү күчөтүүнү убадалаганы менен «бийлик коррупция маселесин чечүүдө олуттуу чара көрбөгөнүн» белгилешти.

«… Жакында эле кызмат адамдарына, саясатчыларга жана башка коомдук ишмерлерге карата козголгон коррупция боюнча чуулгандуу кылмыш иштери тандалма жана саясатташкан мамилени көрсөтүп турат. Ошол эле учурда, өкмөттөгү коррупцияга каршы чыккан ЖМК, журналисттер жана активисттер коркутуп-үркүтүүгө, куугунтуктоого кабылат», — деп айтылат докладда.

  • Адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурган активисттердин укук коргоо органдары тарабынан куугунтукталышы — мисалы, Камил Рузиевдин иши. Укук коргоочу кыйноого алганы жана башка мыйзамсыз аракеттери үчүн коопсуздук кызматкерлеринин жоопко тартылышына жетишкен, бирок кийин ага каршы кылмыш иши козголгон. Процесс бир жылдан ашык уланды жана кызматкерлери «мыйзам бузууга айыпталган ошол эле мамлекеттик орган» жетектеп жатат.
  • 5-6 жана 9-октябрь окуяларынынын иликтениши — бул териштирүүнүн «ачык-айкындыгы жана бейтараптыгы чоң суроо жаратат». Анткени Жапаровду сындагандар «тандалып куугунтукталганы көрүнүп турат». Ошондой эле докладдын авторлору Кыргызстанда иликтөө деген шылтоо менен ИИМ 100 оппозициялык саясатчыларды, активисттерди, укук коргоочуларды жана башка кыргызстандыктарды тыншоого алган. Алардын баары эл алдында жаңы Конституцияны жана Жапаров бийликке келгенден бери колдонулуп жаткан башка саясий чараларды сынга алышкан.
  • Шайлоодон кийинки баш аламандыкта протестке чыккандарга күч колдонгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тергөө ишинин жоктугу. 2020-жылдын октябрындагы протесттерди чагылдырыган журналисттерге кол салгандарга карата дагы тергөө иши ачылган эмес.

Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигине эмнелерди сунуштайт?

  • тынчтык чогулуштарына болгон укукту, анын ичинде алдын ала бийликтин уруксатын албастан эле нааразылык акцияларды уюштуруу укугун сактоону;
  • Кыргызстанда чогулуштарга коюлган чектөө «толугу менен эл аралык укуктун талаптарына төп келишине» көзөмөл жүргүзүү;
  • тынчтык акциясына катышкандарды себепсиз кармоо, куугунтуктоо жана орой мамиле кылган жана башка укук бузуулар боюнча бардык билдирүүлөрдү «ыкчам, кылдат жана бейтарап иликтөө» жана күнөөлүүлөрдү жазалоону;
  • 2020-жылыдын октябрь окуяларында укук коргоо кызматкерлеринин кызматтык абалын кыянат пайдаланган, чектен ашщкан жоруктарын «кылдат жана калыс» иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну;
  • 2020-жылдын октябрындагы протесттерди чагылдырган журналисттерге карата бардык коркутуулар менен кол салууларды иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу.