Акыркы 20 жылда Кыргызстандын Конституциясы алты жолу өзгөргөн. Анда, бир туруп президенттин ыйгарым укуктары кеңейсе, бирде болгон бийлик парламентке өткөрүлдү. Барынан кызыгы, кандай гана өзгөртүү болбосун, эл «макул» деп колдоп келди. Бул аралыкта бир гана нерсе — шайлоочулардын референдумга катышуусу өзгөрдү: автоматтык урна ишке киргенден кийин шайлоого келгендердин саны дароо эки эсе төмөндөдү. Элди участкаларга келтирүү үчүн бийлик референдумду шайлоо менен бир күндө өткөрүүгө аргасыз болду.
«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.
Кыргызстанда 2003-жылдан* бери Конституцияны өзгөртүү боюнча алты референдум өттү. Президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев ыйгарым укуктарын кеңейтип, өлкө башчылыгына шайлануу мөөнөтүн узартуу менен бийлигин бекемдөөгө аракет кылышкан.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында ондон ашуун референдум өткөрүлгөн, бирок маалыматтын жоктугунан биз 2000-жылдан кийинкилерин анализдедик.
Роза Отунбаеванын учурунда мамлекетти башкаруунун негизги функциялары парламентке өткөн. Кыргызстан Борбор Азиядагы алгачкы президенттик-парламенттик республикага айланган.
2016-жылы Атамбаев дагы Конституцияны өзгөртүүнү чечкен. А бирок документтин өзүндө 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деп жазылган болчу. Атамбаевдин өзгөртүүсүнөн кийин эл аралык мыйзамдуулуктун улуттук мыйзамдуулуктун алдындагы артыкчылыгын жокко чыгарып, премьер-министрдин ыйгарымдарын күчөткөн.
Андан кийинки жаңы авторитардык бурулуш: узакка созулган саясий кризистен улам 2021-жылы бийликке келген Садыр Жапаров эки ирет референдум өткөрүп, бардык бийликти өз колуна чогултту.
Эми ал министрлер менен аймактардын жетекчилерин дайындап, жумуштан ала алат. Ошентсе да, талапкерлерди баары бир Жогорку Кеңеш менен талкуулайт. Өкмөт жоюлуп, анын ордуна өлкөнү президентке түз баш ийген министрлер кабинети башкарат. Парламент министрлер кабинетинин ишине таасир эте албайт — мындан ары министрлер депутаттарга отчёт бербейт.
Өлкөдө Жогорку Кеңештен тышкары мыйзамдарды демилгелей турган дагы бир өкүлчүлүктүү орган — курултай пайда болду. Ага ким жана кантип катышары азырынча түшүнүксүз.
Эң негизгиси — Жапаров мурдагыдай бир жолу эмес, эки ирет беш жылдык мөөнөткө президент болуп шайлана алат.
Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча 2000-жылдан кийинки референдумдар
Ар бир Конституциядагы негизги өзгөртүүлөр:
Абийирди ачкан референдумдун катышуучуларынын саны
2015-жылга чейин референдумга келген шайлоочулардын саны укмуштуудай жогору болгон. Расмий маалыматтарга ылайык, 2003-жылы Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу боюнча референдумга жалпы калктын 87%ы келген.
Бакиевдин учурунда, 2007-жылдагы референдумга келген шайлоочулардын саны бир аз төмөн болгон. Бирок анын жыйынтыгы укмуштуудай бир добушту көрсөткөн: катышуучулардын 95%ы — эки миллиондон ашык адам же ошол кездеги калктын 40%ы — «макул» деп добуш беришкен.
Баары 2015-жылдан кийин, Кыргызстанда өлкө боюнча добуш берүүнүн бирдиктүү эрежеси киргизилип, шайлоочуларды идентификациялоодо бармактын изи менен биометрикалык маалыматын аныктоо колдонулуп, автоматтык эсептөөчү урналар сатылып алынгандан кийин өзгөргөн. Шайлоого катышкандардын саны кескин эки эсеге азайган.
2016-жылга чейин Конституцияны өзгөртүү үчүн референдумга кеминде шайлоочулардын 50%ы келүүгө тийиш болчу. Атамбаев келгенден кийин бул босого пайызы 30%га төмөндөгөн. Болбосо ал демилгелеген референдум жана андан кийинки боло турчу жалпы элдик добуш берүүлөр өттү деп таанылышы күмөн болчу.
Эми фальсификациянын жолу буулгандан кийин, бийлик элди участкаларга тартуунун жаңы ыкмаларын ойлоп табууга аргасыз. Ыкмалардын эң таасирдүүсү — Конституция боюнча добуш берүүнү шайлоо менен айкалыштыруу. Дал ушундай жол менен 2016-жылдагы референдумга келген шайлоочулардын саны камсыздалган. Бул ыкманы 2021-жылы эки ирет пайдаланышты.
Талаштуу Конституция
Конституцияны өзгөртүү боюнча акыркы референдум Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөн. Бул баш мыйзамды түзөтүү эмес, жапжаңы текст болчу.
Мындан үч ай мурда, январда өлкөнүн башкаруу формасын өзгөртүү боюнча кезектеги референдум өттү: Кыргызстан президенттик республикага айланды.
Жаңы Конституция бир нече айдын ичинде жазылып бүттү. Долбоор 2020-жылдын октябрь айында Садыр Жапаров өзүн премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялагандан кийин дароо эле даярдала баштаган.
Конституциянын жаңы долбоору кыргыз коомчулугунда ажырым жаратты. Көп адам каршы чыкты, алардын арасында — депутат Дастан Бекешев, оппозициячыл саясатчы, коомдук ишмер Адахан Мадумаров, юрист Сания Токтогазиева жана Кыргызстандын биринчи конституциясынын автору Өмүрбек Текебаев бар.
Укук жана конституциялык түзүлүш боюнча эксперттер Конституциянын долбоору ар тараптуу эксперттик талкуудан өтпөгөнүн, ал эми демилгечи депутаттар легитимсиз экенин баса белгилешкен: парламенттин алтынчы чакырылышынын ыйгарым укуктары соңуна чыккан, ал эми Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы шайлана элек.
Жаңы Конституциянын тез арада даярдалганы эл аралык байкоочулардын да шаштысын кетирди. Венеция комиссиясы жана ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу конституциялык жыйындын легитимдүүлүгүнөн шек санап, баш мыйзамдын долбоорун кайрадан карап чыгууга чакырган.
Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу коомдук ишмерлер менен активисттер добуш берүүдөн карманууга чакырышкан — катышуучулардын саны жетишсиз болуп, референдум өттү деп таанылбаш үчүн жаңы Конституцияга «макул» же «каршы» деп дагы добуш бербөөнү сунушташкан.
Бойкот жарыялоо укугу
2021-жылдын 11-апрелиндеги Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга келген шайлоочулардын официалдуу саны 36,6%ды түзгөн. Ошол эле күнү өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоого келгендердин саны — 39%.
Бул 5900дөй шайлоочу референдумга катышуудан баш тартты дегенди түшүндүрөт.
Мыйзам боюнча шайлоочу добуш берүүгө катышпай койсо да болот, бирок мындай укукту пайдалануу оңой эмес. Өзгөчө шайлоо процесси кандай өтүшү керек экенин көпчүлүк биле бербеген айыл жеринде татаалыраак. Коомдук пикир менен улуулардын сөзү олутуу мааниге ээ болгон жерлер үчүн деле ошондой.
Референдумга катышуудан баш тарткандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан, ал эми эң азы Баткен облусунан экени таң калычтуу деле эмес.
Эгерде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуларга укуктарын түшүндүргөндө референдумга добуш бербеген адамдардын саны көбүрөөк болмок.
Кыргызстанда шайлоочулар 2015-жылдан бери бармак издери менен идентификациядан өтүшөт: ийгиликтүү түрдө ким экени тастыкталган соң, ага дүмүрчөк берилет, аны добуш берүү бюллетенине алмаштырса болот, бирок милдеттүү түрдө эмес. Эгерде шайлоочу бюллетень алгысы келбесе, чекти өзү менен кошо алып кете алат.
Бирок иш жүзүндө, Конституцияны өзгөртүүгө добуш берүүнү каалабагандар шайлоо комиссиясынын кысымына кабылышкан. Аларды бюллетен алып, «жок дегенде [жаңы Конституцияга] каршы добуш берүүгө» же комиссияга идентификациялык чекти калтырууга (шайлоочунун ордуна бюллетенди толтуруп коюшу мүмкүн) мажбурлашкан.
Мисалы бул жергидей:
Бир күндө эки шайлоо өткөрүү өз жемишин берди: референдумду уюштургандар катышуучулардын керектүү санын топтой алды. А биз алты референдум өткөнүнө карабай, ага канча адам өз тандоосу менен катышканын дагы деле билбейбиз.
«Бирок жергиликтүү кеңешке шайлоо болбосо, адамдар келмек эмес. Бул референдум аларга кызык эмес. Алар түшүнбөйт деле», — деп эсептейт БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева.
Шайлоочулардын «макул» же «каршы» экени — экинчи маселе. Анткени массалык агитация менен административдик кысым дайыма ийгиликтүү иштейт: конституциялык реформанын автоорлору кандай сунуш киргизбесин «каршы» деген вариант жеңип чыкканы өлкө тарыхында боло элек.
Авторлор: Айгерим Казыбаева, Айзирек Алмазбекова,
Гульзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева.
Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов, Бегайым Талантбекова.
Дагы окуңуз: Анализ: 11-апрелдеги шайлоодо жүздөгөн протоколдор оңдолуп чыкканы аныкталды