Ош: Милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үй эки жылдан бери пайдаланууга берилбей турат

«Турмуш» басылмасы Ош шаарындагы Манас-Ата (мурдагы ХБК) кичи районундагы милиция кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үйдүн абалы начарлап баштаганын жазып чыкты. Көп кабаттуу үй азыркы убакытка чейин пайдаланууга бериле элек.

ИИМдин маалыматына ылайык, 240 батирлүү үйдүн курулушу 2015-жылдын жазында башталган. Аны куруу үчүн министрликтен 302 млн сом каралган.

Ал эми курулуш иштерине жарыяланган тендерди уткан «ППА» ЖЧКсы үйдү 2019-жылы пайдаланууга бериши керек болчу. Бирок «бюджеттик тартыштыктан улам каржылоо токтоп», курулуш иштери эки жылдан бери уланбай жатат.

*«ППА» курулуш компаниясына 2020-жылдын сентябрь айынан тарта 19 жаштагы Бегимай Токтоназарова ээлик кылат. 2019-жылы Мамлекеттик курулуш агенттиги «ППА» ЖЧКсынан көптөгөн бузууларды аныктап, алардын лицензиясын убактылуу токтоткон.

Ал арада көп кабаттуу үй кароосуз калып, биринчи кабаттагы терезелери талкаланган. Мындан сырткары, үйдүн короосуна таштандылар ыргытылган.

Журналисттер бул маселени айтып чыккандан кийин ИИМ талкаланган терезелерди «ППА» компаниясы өз эсебинен калыбына келтиргенин маалымдаган. Ошондой эле таштандылар бир жерге чогултулган.

Министрликтин маалыматына ылайык, көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери 97%га аяктаган. Учурда батир алууга 400 милиция кызматкери кезекте турат — алардын ар бирин ИИМдин атайын комиссиясы текшерип, анын натыйжасында батирлер бөлүштүрүлөт. Бирок комиссия качан текшерип бүтөрү, батирлер качан пайдаланууга берилери азырынча белгисиз.