Энергетика министри: Кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев. Сүрөт: Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев калк жылытуу сезонунда электр энегиясы менен камсыздоодо кыйынчылык тартпасын билдирди. Бул тууралуу министр 15-сентябрда энергосектордун маселелери боюнча тегерек столдо айтты.

«Кышкысын кыргызстандыктар электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат», — деди Бекмурзаев.

Министрдин айтымында, суу жетишсиздигинен улам Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан экспорттойт. Ошондой эле, Бекмурзаев авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн бардык энергообъектилерде оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Дагы окуңуз: Энергетика министри өлкөдө «энергетикалык кризис жок» деп позитивдүү ой жүгүртүүгө чакырды

Ал энергетика тармагындагы маселелерди чечүү жана энергосекторду өнүктүрүү долбоорлору боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

«Чакан ГЭСтерди куруу боюнча иштер башталды. Талас облусундагы Бала-Саруу кичи ГЭСине президенттин катышуусунда капсула салынды»,— деп эске салды Доскул Бекмурзаев.»

Электр энергиясынын тартыштыгынан улам жарыктын өчүрүлүшү маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. 8-сентябрда депутат Бактыбек Турусбеков энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевге кайрылып, күз-кыш мезгилинде өчүрүүлөр болобу деп сураган.

Суроого Ибраев: «Кудай буюрса, өчүрүүлөр болбойт»,— деп жооп берген. Чиновник 1-октябрда ведомство оңдоп-түздөө иштери аягына чыгаарын кошумчалаган.

Энергокризис жана электр жарыгын сатып алуу

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон. Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2020-жылдын декабрынын аягында «Түндүкэлектр» 2021-жылдын 1-апрелине чейин чарба муктаждыктары үчүн керектөөчүлөргө үч фазалуу системасына кошулууга уруксат берилбесин билдирген.

Ал кезде аталган чара «кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн, анын ичинде калкка электр энергиясын үзгултүксүз берүү үчүн» кабыл алынганын белгилешкен.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

2021-жылдын августунда Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август-декабрь айларынын аралыгында Түркмөнстан Кыргызстанга 500 млн кв/сааттан ашык электр энергиясын берет.

Өлкө бийлиги электр энергиясына болгон суроо-талап жыл сайын өсүп жатканын бир нече жолу билдирген. Ушул себептен жүктөмдүн бир бөлүгүн кыргызстандыктардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн электр энергиясын иштеп чыгууну күчөткөн Бишкек ЖЭБге оодарган.