Энергетика министри өлкөдө «энергетикалык кризис жок» деп позитивдүү ой жүгүртүүгө чакырды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул суу сактагычына болгон пресс-тур учурунда эгерде позитивдүү ой жүгүртсө Кыргызстанда энергетикалык кризис болбойт деп билдирди.

Сүрөт: Kloop.

«Эгерде жамандыкты көп айтса берсек, ошондой эле боло берет. Ошондуктан жакшы ой жүгүртүп иштешибиз керек. Энергетиктер штаттык тартипте иштеп жатат, агрегаттарды алып келип жатышат. Электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Күз жана кышкы жылытуу мезгилдерине даярдык көрүүнүн алкагындагы оңдоолордон улам жер жерлерде жарык өчүрүлүп жатат. Элди буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис болбойт», — деди аткаминер.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында эч кандай ызы-чуу жок, 16-июнга карата суунун көлөмү — 10,9 млрд кубометри түзөт. Суу дагы топтолуп жатат.

Буга чейин Бекмурзаев электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүнү сунуштаган. Анын айтымында, энергетика министрлиги калк үчүн бирдиктүү тариф иштеп чыккан, ал 1 сом 9 тыйынды түзөт. Ал эми ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө тарифти 5 сом 4 тыйынга көтөрүү сунушталган.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө электр энергиясы тартыш болорун 2020-жылдын августунда айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу жетишсиз болчу.

Ошентсе да мурдагы бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.

2020-жылдын декабрь айында Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгана байланыштуу маселе кабыргасынан коюлган. Улуттукэнергохолдинг жашоочуларды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган. Ал эми президент менен министрлер кабинетинин башчысы тарифти жогорулатуу тууралуу кеп козгошкон.

Тема боюнча: Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электрдин баасын көтөрүүнү сунуштады

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.

Тема боюнча: Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат

Энергетика министрлиги электр энергия үчүн тарифти 1,09 тыйынга жогорулатууну сунуштады