Ош: Капиталдык курулуш башкармалыгына тендерлерден утуп жүргөн аткаминер башчы болду

Эмилбек Абласанов

Президенттин иш башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Абласанов Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 15-сентябрда калаа башчысы Алмаз Мамбетов кол койду.

Аталган башкармалыкты беш жылдан ашуун убакыт башкарган Шүкүрали Мадаминов кызматынан өз каалоосу менен кетти. Ага чейин иликтөөчү журналисттер Мадаминов кызматта турганда аны менен байланышы бар компаниялар 340 млн сомдук тендерди утканын аныкташкан.

Анткен менен жаңы дайындалган жетекчи Эмилбек Абласановдун компаниясы ал мамлекеттик кызматтарда турганда жалпы 131 млн сомдон ашуун каражатты түзгөн тендерлерди уткан.

Абласанов жана «Авангард и Ко»

Абласанов 50 жашта — ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында туулган. Аткаминер эмгек жолун Кара-Үнкүр көчмө механикалык колоннасында курулуш тилкесинин мастери болуп баштаган.

Ошондой эле ал Соцфонддун Ноокен жана Базар-Коргон райондук бөлүмдөрүндө, Каржы министрлигинин алдындагы экономикалык өнүгүү мамлекеттик фондунда, Ноокен райондук мамлекеттик админстрациясында, президентинин иш башкармалыгынын курулуш департаментинде жана «Кыргыз курулуш сервис» мамлекеттик ишканасында эмгектенген.

Мамлекттик кызматтардан сырткары Абласанов 2009-жылы негизделген «Авангард и Ко» ЖЧКсына ээлик кылган.

Аталган компания 2014-жылы кылмыш иштин фигуранты да болгон — анда милиция кызматкерлери «Авангард и Ко» Ноокендеги Кара-Булак дарыясынын жээгин бекемдөө иштери боюнча тендерди утуп алып, аны сабатсыз жасаганын аныктаган. Буга карабастан Автожолдорду өндүрүштүк-линиялык башкаруунун кызмат адамдарды курулуш иштерин кабыл алышкан.

Factcheck.kg басылмасы Абласанов 2019-жылы президенттин иш башкармалыгында иштеп баштагандан кийин «Авангард и Ко» компаниясын 19 жаштагы уулу Эрмек Абласановго өткөрүп бергенин жазды. «Авангард и Ко» Абласановдун уулуна катталгандан тарта компания тендерлерден 32 млн сом утуп алган.

Скрин: Factcheck.kg басылмасы

Жалпысынан бул компания 2011-жылдан тарта мамлекеттик тендерлерге катышып, 131 млн 600 миң сом уткан. Журналисттер «Авангард и Ко» көбүнчөсү Масы айыл өкмөтү жарыялаган тендерлерден жеңүүчү болуп чыккан — Абласанов 2016-жылы Масы айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Кийинчерээк Абласанов Factcheck.kg басылмасына «Авангард и Ко» ЖЧКсын расмий түрдө аткаруучу директор Нурсеит Сейткулов жетектеп жатканын кабарлаган. Ошондой эле Абласанов бир катар документтерди тиркеп, Сейткулов 2009-жылдан тарта анын компаниясында иштеп жатканын билдирген.

Шүкүрали Мадаминов жана журналисттик иликтөө

Шүкүрали Мадаминов кызматтан кетээрден бир апта мурун Ali Toktakunov’s MediaHub жана «Т-Медиа» басылмасы Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы акыркы беш жылда жарыялаган тендерлер тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер Мадаминов 2016-жылы Ош ККБсын жетектеп баштагандан тарта 1 млрд 143 млн сомдук 309 тендер өткөргөнүн, анын 100дөй тендернин Мадаминовдун туугандары жана достору утуп алганын ачыкташкан. Жалпысынан Мадаминовго байланыштуу компаниялар 340 млн сом утуп алышкан.

Алгач иликтөөчүлөр Оштун капиталдык курулуш башкармалыгынын тендерлерине катышкан «Модерн Групп» жана «Маклер-Фетва» компанияларды изилдеп, аларды бир туугандар Уларбек Туратов жана Жылдыз Туратова ээлик кылаарын аныкташкан. Ал эми «Маклер-Фетваны» иш жүзүндө Туратованын күйөөсү Мамадык Балтаев башкарат — ал Шүкүрали Мадаминовдун жээни.

«Маклер-Фетва» акыркы беш жылда шаардык бюджеттен 32 млн сом уткан.

Ошондой эле журналисттер Мадаминов Ош ККБсына жетекчи болуп дайындалгандан эртеси күнү анын уулу Мухаммедали Астанов ээлик кылган «Долбоор» компаниясы башкармалык жарыялаган 70 миң сомдук тендерди утуп алганын аныкташкан. Арадан эки апта өтүп, «Долбоор» 140 миң сомдук тендерди уткан. Эки тендер тең түз келишимдин негизинде ишке ашкан.

Ошондой эле Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендерлерди «Тогуз-Булак» ЖЧКсы да утуп келген — аны Мадаминовдун аялы Бактыгүл жана бир тууган агасы Куватбек негиздеген. Аталган компания 2020-жылдын август айында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жаш балдар үчүн аянтчаны курууга 500 миң сомдук тендер уткан.

Мадаминов «Тогуз-Булак» компаниясы «15 жыл мурун башка адамдарга сатылып кеткенин» айтууда. Анткен менен журналисттер Куватбек Мадаминов «Тогуз-Булактан» 2018-жылы, ал эми Бактыгүл Мадаминова 2020-жылы чыгып кеткенин аныкташкан. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин аталган компанияны Мадаминовдун баласы Мухаммедали Астанов жетектеп келет.

250 млн сомдук тендер уткан Мадаминовдун «аяш агасы»

Иликтөөчүлөр Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган жалпысынан 250 млн сом турган тендерлерди «Мерудан», «Мираж-Профи» жана «Жакып Ата» компаниялары утуп келгенин, алар да Шүкүрали Мадаминовго тиешеси бар болгонун аныкташты.

«Мираж-Профинин» негиздөөчүлөрүнүн бири Чыңгыз Абдыкаров «Мерудандын» бухгалтери жана «Жакып Атанын» директору. Ал эми «Мерудан» менен «Мираж-Профинин» мурдагы ээси Абдулазиз Мадумаров — ал «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаровдун бир тууганы. Мындан сырткары, Абдулазиз Мадумаровдун баласы Жармухаммад Абдулазиз уулу «Мираж-Профинин» негиздөөчүлөрүнүн бири.

«Абдулазиз [Мадумаров] “аяш агам” да, бир айылдан болсок. Тууганбыз да [...] Адахан Кимсанбаевич [Мадумаров] менин тууганым экенин чанбайм. Жакын тууганым, жакын досум десем да болот. Эми балдары…“Мерудан” конкурска катышса, эми жакын дегенде бир тууган эмеспиз, мындай айылдаш адамбыз да», — деди Мадаминов «Т-Медиага» курган маегинде.

*Шүкүрали Мадаминов 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» менен аттанган. Бирок партия Жогорку Кеңешке өткөн эмес. Ал эми 2016-жылы анын уулу Акматали Мадаминов ошол кезде бийликчил болгон КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешке депутат болуп шайланган.

«Жакып Ата» компаниясы 2017-жылы Ош шаарына караштуу Озгур айылында тротуар бастырууга 7,7 млн сомдук тендер утуп алган. Компания иштерди 45 күндүн ичинде бүтүрүүнү убадалаганы менен иш жүзүндө ал 2019-жылдын аягында бүтүрүлгөн. Мындан сырктары, «Жакып Ата» кошумча акча сурап, тротуардын салынышы жалпысынан 11,2 млн сомго түшкөн.

«Бул жерге үч чакырымдык тротуар салынган. Өзүңүздөр көрүп тургандай жолдун бир канча бөлүгү таштандыга жана отоо чөптөргө көмүлүп, кээ бир жерлерде адам баспаганын далилдегенсип чөптөр өсүп кеткен», — деди «Т-Медианын» журналисти Ажибай Пайзидин уулу.

Ал эми Токтакунов учурда Озгурда салынган тротуар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.