Жапаров: Качкын президенттерди «көпчүлүк эл кечирсе» Кыргызстанга алып келебиз

Садыр Жапаровдун Алай районунун тургундары менен үгүт жолугушуусунан скрин

Мурунку качкын президенттер Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди «эл кечирсе», алар Кыргызстанга алынып келет. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров 19-декабрда Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Учурда Жапаров үгүт иштери менен аймактарды кыдырып жүрөт.

Жолугушууга келген тургундардын бири Жапаровго «Акаев менен Бакиев Ала-Тоону сагындык деп ыйлап жүрүшөт. Ушулардын сөөгү “таалада” калбасын, өз жерине алып келип коюңуз. Бизде ушундай сураныч» деп кайрылган.

«Эгерде көпчүлүк эл кааласа, ал экөөнү [Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди — ред.] кечирсеңер анда алып келебиз. Эгер көпчүлүк эл каршы чыгып турса анда кыйын болот. Сиздин өтүнүчүңүздү эске алып жүрөм», — деп жооп берген Жапаров.

Биринчи качкын президент

Аскар Акаев — өлкөнү эгемендүүлүк алгандан кийин жетектей баштаган. Президент болгонго чейин ал илимий иштерди аркалап жүргөн. Президенттиктен кеткенден кийин илимге кайтып барган.

Акаев 15 жылдык башкаруусунан, байкоочулар тарабынан таза эмес деп таанылган парламенттик шайлоодон кийин 2005-жылы бийлигинен ажырап, үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен. Кийинчерээк, 2019-жылы 2005-жылдын 24-мартында өткөн «Жоогазын революциясы» боюнча үн каткан.

Мурдагы президент каршылык акциясынын катышуучуларынын көбү «криминалдын өкүлдөрү» болгон деп билдирген — бул тууралуу ага кабар беришкен, мындан тышкары «бул көрүнүп турган». Акаев каршылыкка чыккандарга каршы күч колдонууну сунушташканын, бирок ал андай кылуудан баш тартып, курмандыктарга жол бербөө үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев — 2005-жылдын 24-мартындагы революцияда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев кулатылгандан кийин бийликке келген.

Бакиев өзү дагы 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын президенттигинен кулатылган, кийин ал Беларустан саясий башпаанек алган.

2010-жылдын апрель окуялары боюнча 28 адам соттолгон. Анын ичинде Курманбек Бакиев (сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган), анын бир тууган иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев (өмүр бою эркинен ажыратылган) бар. Мындан тышкары, Бакиевдин уулдары — Марат менен Максим дагы сыртынан эркинен ажыратылган.

Анын улуу баласы Марат дагы Беларуста, Раубичи аттуу элиталык айылда жашайт. Ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында Курманбек Бакиев «NazarNews» басылмасы аркылуу кайрылуу жасап, 2010-жылы адам өлтүрүүлөргө «төңкөрүштү уюштурган» Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да күнөөлүү экенин билдирген.