Коронавирустун жаңы 83 учуру катталып, эки киши каза болду

17-сентябрга карата Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 83 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары – 31 ;
  • Чүй облусу – 17 ;
  • Ысык-Көл облусу - 12;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Нарын облусу – 6 ;
  • Талас облусу – 4;
  • Ош облусу – 4;
  • Баткен облусу - 1;
  • Ош шаары - 0.

Ошондой эле, өткөн суткада 113 бейтап ооруканадан айыгып чыкты — айыккандардын жалпы саны 172 015 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 177 567 адам коронавирус жуктуруп, 2 583 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 589 бейтап ооруканаларда, ал эми 910 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.