«Кумтөрдүн» профком башчысына кенге барууга тыюу салынды

«Кумтөр Голд Компанинин» (КГК) профкомунун төрагасы Калысбек Рыспаев фейсбук барагында компаниянын тышкы башкармалары ага кенге жана КГКнын башка объекттерине барууга тыюу салганын билдирди. Ал мындай чечим профком кызматкерлердин эмгек укугун коргоо ишмердигине байланыштуу деп эсептейт.

Калысбек Рыспаев. Сүрөт: Фейсбук

Рыспаевдин айтымында, өндүрүш объектилерине барууга тыюуу салуу менен бирге, КГКнин сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк профкомдун менчигиндеги жеке кабинетин жана кызматтык унаасын алып коюуну чечкен.

Ал профсоюз компаниянын мурдагы жетекчилигинин учурунда эле жумушчуларга 2019-жылдын декабрь жана 2020-жылдын январь айында кайра эсептөө менен төлөп берүү жөнүндө маселе көтөргөнүн билдирди. Анда жер көчкүдөн улам кен чыккан аймакта эки жумушчу каза тапкан.

«Кайра эсептеп чыгуу талабы айтылган ушундай эле кат убактылуу сырткы башкаруучунун атына да жолдонгон. Жетекчилик кайра эсептөө жүргүзгүсү келбей жатат», — деп билдирди профкомдун башчысы.

Мындан тышкары, Рыспаевдин айтымында, профком компаниянын жетекчилиги алдында бир катар маселелерди, анын ичинде кызматкерлердин мыйзамсыз жумуштан бошотулушуна жол бербөө тууралуу маселени көтөргөн.

«Жумушчулардын кызыкчылыгын коргоо багытындагы өзүнүн тикелей милдеттерин аткарып жаткан профсоюзду четке сүрүү туура эмес деп эсептейбиз. Мындан улам жумушчулардын бузулган укугун калыбына келтирүүнү талап кылабыз. Болбосо профком тиешелүү маморгандарга жана эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болот», — деп билдирген ал.

«Нааразылык чыгарган маанай жаратып жатасыңар»

Рыспаев фейсбук барагында Теңгиз Бөлтүрүк 18-августта кол койгон кат-билдирмени дагы жарыялады. Анда профкомдун төрагасына компаниянын объектилерине эмне себептен барууга тыюу салынганы айтылат.

Катта КГКнын жамааты менен жолуккан Рыспаев «жумушчулар арасында компаниянын жетекчилигине карата нааразылык маанай жаратууга багытталган иш аракеттерди жасап жатканы, ал өз кезегинде иш процессине терс таасирин тийгизери» айтылган.

КГК профкомдун төрагасын компаниянын ички өндүрүш маселелерине кийлигишүүгө дагы айыптаган.

«Мындай аракетке жол берилбеши керек, КГКнын кызыкчылыгына доо кетирет, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жаатында коопсуз көндүмдү калыптандырат, өндүрүштүк жаракат алуу жана кесиптик илдеттер коркунучун жогорулатат», — деп айтылат катта.

«Кумтөрдөгү» айыптар жана сырткы башкаруу

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштеткен. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Октябрь райондук соту 2021-жылдын 7-майында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми ага чейин 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Көп өтпөй 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган. Кыргызстандын өкмөтү Centerrа өлкөнүн мыйзамдарын бузуп, экологияга зыян тийгизгендиктен сырткы башкаруу киргизилди деп түшүндүргөн.

18-майда минкабдын башчысы Улукбек Марипов «Кумтөрдүн» жамаатына тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүктү тааныштырган. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт. Centerra Кыргызстандын өкмөтүнүн үстүнөн бир катар сотторго даттанган, андагы териштирүүлөр аягына чыга элек.