Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялады. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалады.

Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалай турганын эскертти.

Бирок компания дагы да болсо «Кумтөр Голд Компанинин» (кенди иштетип жаткан Centerrа’нын туунду компаниясы) толук кандуу ээси экенин баса белгилеп, ошентсе да анын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албасын, кендин кирешесине таасир эте албасын билдирген.

«Мындан улам, экинчи кварталда биз “Кумтөр Голд Компанинин” финансылык абалы тууралуу отчётто активдерин жана милдеттерин таанууну токтоттук, киреше жана чыгаша тууралуу отчётто көзөмөлдүн экинчи тарапка өтүп кетүүсүнөн келип чыккан чыгымды 926,4 млн доллар деп бааладык. “Кумтөр” боюнча жыйынтыктар ишмердүүлүгү токтотулган деп көрсөтүлдү, кен жайы консолидацияланган отчётко киргизилген жок», — деп билдирди Centerra”нын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри

Анын айтымында, «Кумтөрдүн» айланасындагы окуялар Centerra’нын башка ишмердүүлүгүнө жана бизнестерине таасир эткен эмес. Ал компаниянын башка активдеринен экинчи кварталда 69 миң унцийден* ашуун алтын казылып алынганын билдирген.

*Трой унцийи 31,1034768 граммга барабар.

Centerra’нын активинде Канададагы Маунт Миллиган жана Түркиядагы Оксют кендери калган. Отчёттук мезгилде Маунт Миллиган Centerra’га 73,6 млн доллар, Оксют — 8,1 млн доллар алып келген.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар жана көзөмөлдүн Кыргызстан тарапка өтүүсү

Кумтөр кенинин айланасындагы чырдын башталганына бир нече ай болду.

Кумтөрдүн карьери. Сүрөт: Ислам Розиев /«Клооп» 

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Бирок 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш ошол маалда жооптуу кызматтарды ээлеген кишилердин кызматтык кылмыштары.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек узакбаев кармалган. Андан сырткары бир катар депутаттар, анын ичинде Асылбек Жээнбеков кармалган.

Кармалган айрым саясатчылар тергөө менен кызматташууга макулдугун билдирип, үй камагына же эч жакка тил катынын негизинде бошонуп чыгышкан. Экс-депутат Узакбаевди сот Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупция иши боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген.

Андан тышкары, Кыргызстандын экинчи качкын президенти Курманбек Бакиев жана анын уулу Максимге издөө жарыяланган.

Кумтөр кенине байланышкан төрт кылмыш ишин иликтеп жаткан Улуттук коопсуздук комитети 11-августта тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Тергөө далилдерди чогултуп Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келген.

Иштин үч эпизоду боюнча биринчи качкын президент Аскар Акаев сыртынан кылмыш жообуна тартылган. Ал 16 жыл өлкө сыртында качып жүрүп, 2-августта келип Кумтөр боюнча көрсөтмө берген. 8-августта болсо кайра Москвага учуп кеткен.

Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккандан кийин. Сүрөт: «Клооп»

Мындан тышкары, тергөө аныктаган коррупция фактыларын жана канадалык инвесторлор менен түзүлгөн Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишим шарттарын эске алуу менен республиканын Башкы прокуратурасы менен биргеликте “Кумтөр” долбоору боюнча келишимдерди токтотуу процесси демилгеленди деп билдирген УКМК.

Centerra Gold кандай кадамдарга барган?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Канаданын компаниясынын арызында Бөлтүрүктү Centerra Gold компаниясынын алдындагы келишимди бузганы үчүн жана «Кыргызстандын өкмөтү жакында эле Кумтөр кенин басып алганы» үчүн сотко беришкени айтылган.

Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине 1-июлда кайрылуу жасаган. Кайрылууда ал «Кумтөрдүн» кызматкерлерине «көп жылдан бери жан үрөп иштеп бергени үчүн чын дилден рахмат айтып», кыргыз бийлиги «кенди жалган маалыматтын негизинде басып алганын жана дагы деле сүйлөшүүгө макул болбой жатканын» билдирген.

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулушуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.