«250 миллион сомдук активдер». УКМК Абдраимовго «тийиштүү» мүлктөрдү ачыктады

УКМК мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовго 250 млн сомго бааланган мүлк таандык экенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу менен мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөн».

УКМК мурдагы аткаминер кирешелерин адалдоо максатында Бишкек жана Чүйдүн аймагында «өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган» кымбат кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр сатып алган деп билдирди. Ошондой эле Абдраимов каражаттарын бир нече коммерциялык банктарга салганы айтылды.

«Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, жана ошондой эле “Ысык-Ата” курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК Абдраимов активдерди «кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жакын туугандарына жана аны менен байланышы бар адамдарга мүлктөрүн каттаткан» деп билдирди.

Кече, 20-сентябрда, Туйгунаалы Абдраимов «Мыйзамсыз баюу» иши боюнча УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак берген.

Ал эми андан мурдаарак Абдраимов 15-сентябрда «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыккан. Ошол эле күнү аны менен чогуу бир нече саясатчы да бул иш боюнча суралган.

Абдраимов өзү суракка алынуусу «негизсиз» болгонун айтып, «бул саясий куугунтук» деп билдирген.

Кийинчерээк Абдраимовдун жана башка саясатчылардын суракка алынышына маданий ишмерлер тарабынан жолдонгон кат себеп болгону ачыкталган.

Катта Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, депутат Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев баштаган жарандар 17-сентябрь күнү жүз миң киши менен митинг өткөрүп, бийликти алмаштырганы жатканы жазылган. Мындан улам аларга катуу чара көрүү талабы коюлган.

Бирок каттын авторлору делген маданий ишмерлер сурактын эртеси кайрылуунун биринчи бети өзгөртүлгөнүн, түп нускасында саясатчылардын аты аталбаганын айтышкан.

Кененирээк окуңуз: «Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?

Ал эми чоң митинг болот делген 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — анын ичинде Туйгунаалы Абдраимов — Ала-Тоо аянтында «саясий туткундарга» арналган көркөм-нааразычылык акциясын уюштурган. Ага жүздөй киши катышып, акцияда Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өткөн.