«Эмне күнөөбүз бар?» Кыргызстанда билим алган тажик жаштары бийликке кайрылышты

«Озоди» басылмасы Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алган 100дөн ашык тажик студенти өлкөгө кире албай жатканын маалымдады. Алардын айрымдары басылмага курган маегинде окууларын улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранышкан. Ошондой эле коңшу өлкөдө жашаган этникалык кыргыздар да кыргыз бийлигине кайрылуу жасап, маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Ал эми Кыргызстандын билим берүү министрлигинен маселе жакын арада чечилээрин айтышып, бул тууралуу Тажикстанга буга чейин эле кабар берилгенин билдиришти.

*Апрелдин аягындагы тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Иллюстративдик сүрөт.

«Согушту студенттер уюштурган жок да»

Бишкектеги Славян университетинин 4-курсунун студенти Мухаммедюсуф окуусун улантуу үчүн келе албай жаткандардын бири. Ал окуу жылы башталганга чейин чек арага келгенде кыргыз чек арачылары өткөрбөй койгон.

Мындан улам ага Тажикстандагы жаңы түптөлгөң социалдык университетте окууну улантууну сунушташкан, бирок Мухаммедюсуф ага көнгөн эмес.

«Мен стоматология факультетинде окучумун, бул жакта такыр эле башка адистикти сунушташты. Эгер Абуали Сино медициналык университетине кабыл алышса балким макул болмокмун», — дейт ал.

Мухаммедюсуф Кыргызстанда медицина тармагын окуган 62 студент Абуали Сино университетине которулганын, бирок баарына эле мындай мүмкүнчүлү берилбегенин кошумчалады.

Славян университетинин 4-курсунун дагы бир студенти Фариза учурда Кыргызстанга кире албай Орусияда жүрөт. Ал окуусун башка университетте уланткысы келбегенин айтып, Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги «бул маселени сөзсүз түрдө чечиши керек» деп эсептейт.

«Согушту биз студенттер уюштурган жокпуз да, ага катышкан да эмеспиз. Эмне күнөөбүз бар? Эмнеге бизге бул өлкөдө окууга уруксат бербей жатышат?», — деп суроо салды ал.

Тажик бийлиги студенттерди өлкөгө киргизүү боюнча кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылганын, бирок жооп ала албаганын айтат.

Буга чейин Тажикстандын билим берүү министрлиги студенттерге окуусун тажик ЖОЖдорунда улантуу сунушун берген. Бирок студенттер окуусун Кыргызстанда гана улантууну каалашкан.

Тажикстандагы этникалык кыргыздардын кайрылуусу

Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын АКИpress'те өткөн маалымат жыйынынын скриншоту.

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанда билим алган студенттердин көйгөйүн чечип берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мириповго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.

«Чек аранын жабыктыгына байланыштуу 84 студент окуусун уланта албай калды. Алар 1-курстан 5-курска чейин билим алган биздин жаштар. Алар биздин келечектеги дарыгер, инженер, программист жана башка адистер. Студенттерге Кыргызстандын аймагына өтүп, билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү өтүнөбүз», — деген «Кызматташуу» коомдук фондунун төрагасы Зайнидин Тагаев.

Тагаев Кыргызстандын ар кандай окуу жайларында билим алып жаткан 120дан ашык этникалык кыргыз студенти бар экенин белгилеген.

Кыргыз бийлиги эмне дейт?

Билим берүү министрлиги тажик студенттеринин, анын ичинде этникалык кыргыздардын маселесин чечүү үчүн атайын долбоор иштелип чыкканын билдирди.

Долбоорго ылайык, Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан, окууга тапшырган же окутуучу, мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандары, анын ичинде этникалык кыргыздар Кыргызстанга кирип-чыгып, өлкө аймагында жүрө алышат.

Министрликтен учурда долбоор тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып жатканын айтышты. Ошондой эле долбоор даярдалып жатканы тууралуу тажик тарапка «мурда эле эскертилген» деп кошумчалашты.

Кыргызстандагы тажик студенттери

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 2020-2021-окуу жылында эки миңге жакын Тажикстандык студент билим алган. Алар негизинен Ош, Баткен мамлекеттик университеттеринде, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Борбордук Азиядагы Америка университетинде жана Нарындагы Борбор Азия университетинде окушат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Имомзода кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин студенттер коркутуп-үркүтүү көбөйгөнүн айтышканын, мындан улам окууларын Тажикстанга которуу үчүн арыз бере баштаганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги аталган маалыматты төгүндөгөн.

Редактору: Айбике Адилет кызы