Минкаб «Кумтөрдөн» акча алган эки фондду жапты

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 21-сентябрда минкабдын төрагасы Улукбек Марипов «Кумтөр Голд Компаниден» келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө токтомунун күчүн жоготту деп тааныганын билдирди.

Бул эмнени түшүндүрөт?

Токтом 2019-жылдын октябрь айында кабыл алынган. Анда аталган документке ылайык эки фонд түзүлөрү айтылган — социалдык өнөктөштүк жана жаратылышты өнүктүрүү.

Эки фонд тең «Кумтөр» долбоорунун эсебинен каржыланып келген. Ошол кездеги экономика министри Санжар Муканбетов биринчи фонд жаратылышты коргоо багытында, ал эми экинчи фонддун каражаттары бардык аймактарга жумшаларын билдирген болчу.

Жаратылышты өнүктүрүү фонду 2017-жылы эле түзүлүп, ал «Кумтөрдүн» иши аягына чыкканга чейин иштей турганы болжонгон. Аталган фондду түзүүдө «Кумтөр» ага бир жолку төлөм менен 50 млн доллар которгон.

Каражаттар, документке ылайык, Финансы министрлигинин Улуттук бакнктагы эсебине которулуп турган.

Марипов жаңы чечими менен бул токтомдун күчүн жоготту деп тааныды.

Минкаб эмне кылат?

Минкабдын чечими боюнча Экология жана климат боюнча мамкомитет бир айдын ичинде өлкөнүн жаратылыш байлыктарын сактоо жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорго баа берип, аларды тандай турган комиссия түзөт. Бул иштин баарын президенттин администрациясы көзөмөлдөйт.