Президент парламентке Кылмыш жана Укук бузуулар кодекстеринин долбоорун кайтарып берди

Президент Садыр Жапаров жаңы Кылмыш кодекси менен Укук бузуулар тууралуу кодексинин долбоорлоруна каршы пикирин билдирип Жогорку Кеңешке кайтарып берди. Бул тууралуу 21-сентябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.

Мындан тышкары, Никитенконун айтымында, президенттин «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна карата дагы каршы пикири бар. Бул кодекстерди Башкы прокуратура демилгелеген. Жыйында көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев президенттин каршы пикирине макул экенин белгилеп, эл өкүлдөрүнөн аны колдоп берүүнү өтүндү.

Өз кезегинде депутат Мирлан Жээнчороев президент Кодекстердин айрым ченемдерин кайра карап чыгууну сунуштап жатканын белгилеп, буга байланыштуу Кодекстердин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясын түзүү керектигин айтты.Жыйынтыгында депутаттар президенттин каршы пикирин колдошту.

Жаңы кодекстер

Парламенттин депутаттары 22-июлда үчүнчү окууда жаңы Кылмыш-жаза кодексин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөтүшкөн.

Дагы окуңуз: Парламент жаңы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерди жактырды

Жаңы кодекстерди кабыл алууну Башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген. Ал жаңы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери менен Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулары тууралуу кодекстин долбоорлорун 30-июнда эле биринчи окууга алып чыккан.

Зулушев кодекстердин маселелери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан. Мунун негизинде 2021-жылдын апрелинде кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлгөн.

Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.

Алар президент Садыр Жапаров менен парламенттин алтынчы чакырылышына кайрылып, кодекстердин реформасын токтотуп турууну суранышкан — анткени, алардын пикиринде, реформа президенттин кайрылуусу менен тапшырмаларына каршы келет.

Дагы окуңуз: «Тоталитаризмге багытталган». Юристтер кылмыш кодекстерин реформалоону колдобойт