«Тазалыктын» башчысы Сарпашов менен басма сөз катчысы Каракеева кызматтан кетти

Рыспек Сарпашов жана Жибек Каракеева Сүрөт: Жибек Каракееванын фейсбук барагынан алынды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 21-сентябрда Рыспек Сарпашов «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилик кызматынан кеткенин кабарлады.

Мэриядан Сарпашов кызматтан өз эрки менен кеткенин билдиришти. Ишканынан жетекчисинин милдетин убактылуу Айдарбек Дыйканбаев аткарат.

Сарпашов «Тазалыкты» 2010-2012-жылдары, андан кийин 2014-2018-жылдары башкарган. 2018-жылы ал турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр болуп эки жыл иштеп, андан соң кайра «Тазалыкты» жетектөөгө барган.

Мындан тышкары, «Тазалыктан» ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева дагы кеткени белгилүү болду. Бул маалыматты ал 24.kg басылмасына тастыктаган. Каракеева «Тазалыктын» басма сөз катчысы кызматында креативдүүлүгү жана маселелерди тез арада чечүүгө ынтызар экенин көрсөтүп шаардыктардын сүймөнчүгүнө айланган.

Мисалы, 2019-жылы Каракеева ишкананын кызматкерлерине фотосессия уюштуруп, аларды адаттагы күрмөлөлөрүн чечтирип, коочулукка костюмчан көрсөткөн. Каракеева «Тазалыктын» басма сөз катчылыгына 2017-жылы келген.

Сарпашов менен Каракеева кызматтан кеткени тууралуу маалымат ЖМКларда бир нече күн мурда эле пайда болгон, бирок бул тууралуу так маалымат бүгүн гана берилди.