2020-жылдын ноябрында ал убакта премьер-министр жана президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында курулуп жаткан ири насостук станцияга барган.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал жергиликтүү органдарга «станцияны кийинки сугат мезгилине» чейин бүтүрүүнү тапшырган. Ошол эле учурда Жапаровго «курулуш аяктап калды» деп маалымдап, 2020-жылдын декабрында насостор сууну бере баштайт деп ишендиришкен.

Бирок өлкөнүн биринчи адамынын иш сапары дагы аксайлыктардын суу көйгөйүн чечкен эмес. Садыр Жапаров баргандан бери бир жыл өтсө да станция дагы деле иштей элек.

Чек ара жана суу

Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында 3 миңге чукул калк жашайт. Аймак Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет. Эки өлкөнүн бул чөлкөмдөгү чек арасы толук тактала элек, ал жерде сууга байланыштуу чыр-чатактар кез-кезде чыгып турат.

Жергиликтүү тургундарга суу совет доорунда курулган каналдар менен насостордон келет. Бирок ал жетишсиз, ошондуктан жашоочулар көйгөйүн өз алдынча чечкенге мажбур.

Алардын бири — Арстанбек Исламбек уулу. Ал Ак-Суу дарыясына жакын адырда жашайт, бирок сууну насосу жок колдоно албайт эле. Сугат кезеги ага өтө кеч жетет.

«Жайкысын айылга берилген суу мага 1-1,5 айда араң жетет. Ал келгиче эгиндерим куурап калат. Ошондуктан өз алдымча суу чыгарайын деп чечтим. Насос, мотор алдым, тик жардан дарыяга чейин 100 метр шланг уладым. Эми суу тынымсыз чыгат», — дейт Арстанбек.

Ал суу чыгаруу үчүн 20 миң сом короткон. Бирок Ак-Сайдагы насостук станциялар иштеп баштаса көйгөй чечилерине үмүт артканын жашырбайт.

Капчыгай: «Аминдин» насостору

Аксайлыктар күтүп жаткан насостук станциялардын бири Капчыгай айылына курулушу керек. Бул айылга суу чыгаруу үчүн 2020-жылдын 30-июнунда Мамлекеттик сатып алуулар сайтына тендер жарыяланган. Тендерге катышууга үч компания билдирме тапшырган: «Амин», «РусИс-Азия» жана «Чыңгыз-Строй».

Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, «Амин» станцияны 2,7 млн сомго куруп берүүнү сунуштаган. «Чыңгыз-Строй» объектти куруу кызматын 2,8 млн сомго баалаган.

Ал эми тендердин үчүнчү катышуучусу — «РусИс-Азия» компаниясы станцияны 2,4 млн сомго куруп берерин айткан. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык, тендерди кызматы үчүн эң аз сумма сунуштаган компания утушу керек, бирок андай болгон эмес.

Тендер комиссиясы «РусИс-Азиянын» «сметасы туура эмес экенин, мөөрү жана колу жок» деген жүйөөсүн айтып, натыйжада тендердин жеңүүчүсү деп «Амин» компаниясына табылган.

Утулган «РусИс-Азия» компаниясынын башчысы Индира Ногойбаева документтер талапка ылайык түзүлгөнүн айтат.

«Албетте, мөөр басылган. Балким ксерокөчүрмөдөн улам көрүнбөй калгандыр. Смета да туура көрсөтүлгөн болчу, себеби аны адистер жасашат. Бизди болбогон бир нерсе үчүн четтетип, “өздөрүнүн” компаниясына берип коюшкан. Эмне үчүн утпай калганымды өзүм да түшүнбөйм», — деп билдирди ал.

Юстиция министрлигине маалыматына таянсак, тендерди уткан «Амин» компаниясынын башчысы — Абдисатар Садыков. 44 жаштагы Садыков — 2016-жылдан бери Баткен шаардык кеңешинин депутаты. Ал алгач мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясынан депутат болгон.

Сүрөт: Абдисатар Садыковдун «Одноклассники» социалдык тармагындагы аккаунту

2021-жылдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда ал кайрадан депутат болгон, бирок бул ирет башка — «Ала-Тоо — кыргыз жери»* партиясынан шайланган.

*«Ала-Тоо кыргыз жери» — Нурбек Султанов жетектеген партия. Партияны президент Садыр Жапаровдун «кеңешчиси» жана «жардамчысы» делген Арзыбек Буркановдун аты менен байланыштырышат. Партия Баткен шаардык кеңешинде эң көп мандатка ээ болгон. Андагы эл өкүлдөрү шаар мэрлигине Арзыбек Буркановдун жакын тууганы Имамназар Буркановду шайлап алган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Амин» ЖЧКсы турак жайларды жана объектилерди куруп иштейт. Ошентип, капчыгайлыктарды суу менен камсыздоо тендерин уткан соң жалданмачы «Аминдин» эсебине 2,7 млн сом которгон.

Андан кийин насостук станция эки жарым айдын ичинде курулуп бүтүшү керек эле. Бирок арадан бир жыл өтсө курулуш бүтө элек. Курулуш эмне себептен кечеңдеп жатканын билүү үчүн биз Садыковдун өзүнө байланышка чыктык. Ал «объект бүткөрүлгөнүн», бирок сугат маалында «бир-эки ай иштегенден кийин» тетиги бузулуп калганын билдирди.

«Аны оңдош үчүн Бишкектеги фирмага [тетигине] буюртма бергенбиз. 2-3 күндөн кийин келет. Андан сырткары, насос жайгашкан имаратта жасалчу бир аз жумуштар калган. Аны күзүндө, талаа иштери аяктаганда бүтүрөбүз. Учурда техникабыз эгин талааларын тепсеп өтө албайт», — деди Садыков.

Ал эми Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев станция колдонууга бериле электигин билдирди. Бул маалыматты тендердин буюртмачысы Баткен суу чарба башкармалыгы да тастыктады.

Мекеме курулуш дээрлик 90 пайызга бүткөн деп маалымдады.

Садыковдун компаниясы дагы кандай иштерди жасайт?

Абдисатар Садыковдун компаниясынын ишмердиги бул тендер менен эле чектелбейт. Мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматы боюнча, «Амин» 2016—2019 жылдар аралыгында жалпы 41 млн сомдук тендер уткан. Жумуштардын баары Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Садыков Баткен шаардык кеңешинин депутаты болуп келгенден кийин анын компаниясы облус аймагындагы гана эмес, Баткен мэриясынын дагы тендерлерин жеңе баштаган. Тагыраагы, 2019-жылы анын компаниясы Баткен шаарындагы И.Жусубалиев көчөсүн жарыктандыруу тендерин 3,4 млн сом сунуштап утуп алган.

Мындан сырткары, «Амин» Баткен шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик департаментинин сегиз тендерин уткан. Сегиз тендердин төртөөсү түз келишим түзүү методу менен өткөрүлгөн. Бул тендердин башка катышуучуларына шанс берилбейт дегенди билдирет. Ошентип депутаттын компаниясына жалпы 1,7 млн сом которулган.

Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын алтынчы — «тараптардын кызыкчылыгы» беренесинде: «Буюртма берген тарап чечимдерге таасир эте алчу жак (аффилированное лицо) болуп эсептелген бөдрөтчү же консультант менен келишим же макулдашуу түзө албайт» деп жазылган. Сатып алуулар тууралуу чечимдерге таасир берүүчү тараптардын тизмесине саясий муниципалдык чиновниктер да кирет.

Саясий, административдик реестрде көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү кеңештин депутаттыгы — дал ошол саясий муниципалдык кызмат. Демек, Баткен шаардык кеңешинин депутаты Абдисатар Садыков чечимдерге таасир берүүчү тарап болуп туруп, Баткен мэриясынын жана анын алдындагы мекемелердин дээрлик 5,2 млн сомдук тендерин утуп алган.

Биз коомдук тармактардан Абдисатар Садыковдун фотолорун таптык. Сүрөттөрдүн биринен ал ошол кездеги Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов менен футбол талаасында турганын көрүүгө болот.

Садыковдун компаниясы мэриянын тендерлерин утуп турган маалда Мамыржан Рахимов калаа башчысы болчу — 2017-жылдан 2021-жылга чейин.

2021-жылдын 7-майынан тарта Рахимов башка кызматта. Президент Садыр Жапаров Рахимовду чек арадагы айылдарды өнүктүрүү, калыбына келтирүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүл кылып дайындаган.

Бакай: депутаттык миллиондор жана бир жарым жылдык күтүү

Садыков — Баткен облусундагы суу көйгөйүн чечүү тендерин утуп, бирок курулушту бүтүрбөгөн жалгыз депутат эмес.

Ак-Сай айыл аймагынын Бакай участогундагылар 1,5 жылдан бери «Жалалабатское СМУ ТТ» компаниясы куруп жаткан насостун суусу качан чыгат деп күтүшүүдө — бул тендер 2019-жылы өткөн.

48,9 млн сомго бааланган курулуш 2020-жылдын 1-апрелине бүтүшү керек эле. Бирок станция ушул күнгө чейин колдонууга бериле элек. Тендерди уткан компанияны болсо парламенттин экс-депутаты Мурат Жураев* менен байланыштырышат.

*Мурат Жураев — Жогорку Кеңештин экс-депутаты. Ал парламентке депутат болуп алгач ирет 2005-жылы Лейлек районунан шайланган. 2007-жылы КСДП партиясы менен экинчи ирет эл өкүлү болгон. 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанып, бирок депутат болгон эмес. Учурда өзү саясий аренада байкалбаганы менен баласы, блогер Улан Жураев 2020-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Ата мекен» партиясы менен аттанган. Кийинчерээк «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалган. Улан Жураев тергөө менен активдүү кызматташкандан кийин соттун чечими аркылуу 260 миң сом айыппул төлөгөн.

Сүрөт: Мурат Жураевдин «Одноклассники» коомдук тармагындагы аккаунту

Мурат Жураев «Жалалабадское СМУ ТТ» анын компаниясы экенин жана директору да өзү экендигин тастыктады. Бирок Юстиция министрлигинде компанияны Жигитали Исмаилов аттуу жаран башкарат экени көрсөтүлгөн.

Экс-депутаттын айтымында, насостук станциясынын кечигип жатканына чек арадагы абал себеп.

«Электр энергиясы Тажикстан менен чектеш аймактан өткөндүктөн токтоп калдык. Төрт-Көчө тилкесине төрт электр мамысын орнотууга тажик тарап уруксат берсе, анда 10-15 күндүн ичинде станция колдонууга берилет», — дейт Жураев.

Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрь айында дал ушул станциянын курулушуна барган. Жапаровдон кийин 2021-жылдын 5-мартында өкмөттүн Баткендеги ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев объект менен таанышып кайткан.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Суваналиевди да курулуш март айынын аягына бүтөт деп ишендиришкен. Андан бери жарым жыл убакыт өттү, станциянын суусунан кабар жок.

Бакайдын он эки тендери

Мындан сырткары, Бакай участогуна курулуп жаткан насостук станцияга байланыштуу дагы 11 тендер өткөн — жалпы суммасы 7,3 млн сомго чукулдайт.

Тендерлердин баарынын буюртмачысы — Баткен облустук суу чарба башкармалыгы. Аталган мекеменин башчысы Маматшарип Бердалиевдин айтымында, бул тендерлер насостук станция орнотулган имаратты куруу үчүн жарыяланган.

«Насостук станция курулуп жаткан жер биздин ишкананын балансында турат. Ошондуктан капиталдык ремонт беренесинин негизинде дубал тургузулду, мекеменин үстү жабылды, дарбаза коюлду, каналга бетон куюлду», — дейт Бердалиев.

Ал эми «Жалалабадское СМУ ТТ»* компаниясы 1000 кВ насос, трансформаторлор жана үч чакырымга созулган трубаларды орнотууга гана жоопкерчилик алган.

*Ошол эле учурда, ачык булактарда «Жалалабадское СМУ ТТнын» ишмердүүлүгү «адистештирилбеген дүң соода» деп көрсөтүлгөн. Демек, компаниянын иши мындай объекттердин курулушу менен байланыштуу эмес.

Ошентип, Жураев уткан тендердин баасын кошкондо Бакай участогундагы насостук станцияга жалпы 56 млн сом коротулган.

Жарым миллион сомдук зыян

Материал жарык көрөргө жакын Башкы прокуратура Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелип жатканын маалымдады.

«Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу тендерлеринде жооптуу кызматкерлери мамлекеттик сатып алуулардын талаптарына каршы келгенине карабай, эң жогорку баа сунуштаган тараптарды жеңүүчү деп табышкан. Сатып алуулардын жогорулатылган баасынан улам мамлекетке 602 503 сом зыян келтирилген», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Материалдар «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Суу көйгөйү чечилишине ишенбейм»

Чек арадагы райондордун суу көйгөйүн чечүүгө мамлекеттен миллиондор бөлүнүп, анан соттук териштирүүлөр болуп жаткан чакта Ак-Сайдын тургуну Хайрил Мамытова өз тиричилиги менен алек.

Ал айылына жана районуна курулуп жаткан насостук станциялардан кабардар. Курулуштар колдонууга берилсе деле суу айылды аралап, ага жеткенче жылжып кетет деген ойдо.

Ошондуктан, анын үмүтү мамлекет салып жаткан курулуштарда эмес — өз балдарында.

«Жакында уулум менен келинимди Москвага жөнөттүм. Иштеп, акча таап келгиле дедим. Эптеп дарыядан чакан насос аркылуу тарттырып, суу чыгарбасак болбойт. Себеби, мамлекет суу көйгөйүн чечерине ишенбейм», — дейт ал.

Хайрил азырынча сууну кудуктан ташыйт — ичкенге да, сугатка да. Кудугун былтыр мамлекеттин насос станцияларын күтүп отурбай өзү каздырып алган.

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында даярдалган.

Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну журналисттер Гүлжан Эшбаева жана Саадат Төлөгөнованын жоопкерчилигинде жана «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фондусу менен «Сорос-Кыргызстан» фондусунун көз карашын чагылдырбайт.​

Авторлору: Гүлжан Эшбаева, Саадат Төлөгөнова

Фото: Адилет Жээнбеков

Редактору: Елена Короткова