Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Арзыбек Бурканов

Премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов ээлген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка 4-майда өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду. Бурканов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин кызматтан алынып жатат.

Анткен менен аталган кызматка Бурканов өкмөт башчынын жардамчысы болуп качан дайындалганы белгисиз. Бул тууралуу тиешелүү буйрук өкмөттүн сайтына жарыяланган эмес. Бирок коомчулукта ал Мариповдун эмес, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы деп айтылып келген.

Буркановдун ысымы үстүбүздөгү жылдын февраль айында муфтияттагы миллиондор чуусунда аталган. Анда жарандык активист Келдибек Аскаралиев дин кызматчыларына басым кылууга жана ошол учурдагы муфтий Максат Токтомушевдин кызматтан кетишине «Садыр Жапаровдун жардамчысы» Арзыбек Буркановдун тиешеси бар деп билдирген.

Ал эми Токтомушев өзү да кызматтан алынуусуна «мамлекеттик аткаминерлердин арасындагы айрым адамдар» кызыктар деп айтып, алар президенттин жардамчысы Арзыбек Буркановдун атын жамынып жатышат деп белгилеген.

Бирок кийинчерек президент Садыр Жапаров бул маалыматты төгүндөп, Бурканов кадр маселесине кийгилишпейт деген. Бирок Жапаров Бурканов анын жардамчысы катары муфтияттагы пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн барганын ырастаган.

Бурканов — 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, андан кийин 2012-жылы Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

Ошондой эле, 2013-жылы Бурканов кыймылсыз мүлккө байланыштуу Камчы Көлбаевдин ишинде күбө болгону маалым. Бул иштерде президент Садыр Жапаровдун дагы ысымы аталган. Октябрь окуяларынан кийин Бурканов расмий эч кандай кызматка дайындалган эмес.