Мелис Аспеков менен чогуу кармалган Улан Жураев үй камагына чыкты

Мелис Аспеков / Улан Жураев

Блогер Улан Жураев 23-январда үй камагына чыгарылды. Маалыматты «Клоопко» Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Жураев тергөө менен кызматташа тургандыктан коё берилгени кабарланды. Ал эми активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө изоляторунда калууда.

Аспеков жана Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип, УКМК тарабынан 9-январда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полициясы ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен акча талап кылышкан.

Шектүүлөр 9-мартка чейин атайын кызматтын тергөө изоляторуна киргизилген.

Кийинчерээк айрым ЖМКлар Аспеков Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге «50 миң доллар берген» деп көрсөтмө бергенин жазышкан. Бирок УКМК жана Жапыкеев бул маалыматты төгүндөшкөн.

Мелис Аспеков 30-октябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Анткен менен Садыр Жапаров 10-январда Аспеков спортчуларга үгүт маалында акча бергени айтылгандан кийин териштирүү жүргүзүлүп, ал анын штабына тиешеси жок экенин билдирген.

Ал эми Улан Жураев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышып, «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 18чи болуп турган. Жураев президенттик шайлоодо Жапаровду колдоп, Мелис Аспеков менен чогуу жүргөн.