Опузалоо иши. Блогер Улан Жураевге 260 миң айып пул салынды

250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган блогер Улан Жураевге өкүм угузулду — ал 260 миң сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-майда билдирди.

Буга чейин Жураев Биринчи май райсотунун чечими менен үй камагына чыккан. Соттон түшүндүрүшкөндөй, ал тергөө менен кызматташууга макулдугун бергендиктен, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн болчу. Кармалгандан көп өтпөй соттун токтому менен эркиндикке чыккан.

Мелис Аспеков менен Улан Жураевдин иши

Активист Мелис Аспеков жана блогер Улан Жураев УКМК тарабынан 9-январда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин «ишкананы финпол текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, 250 миң доллар опузалашкан.

Аспеков менен Жураев кармалгандан кийин УКМК бул эки адамдын опузасына кабылгандар болсо атайын кызматка кайрылууну өтүнгөн. Биринчи май райондук соту 10-январда «жарандык активисттер» Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин УКМКнын тергөө изоляторунда калтырууну чечкен.

Жураев 2020-жылдын 40октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын катарында катышканы белгилүү.

Аспеков «Мекенчил» партиясынын мүчөсү жана Садыр Жапаровдун жигердүү тарапкери катары белгилүү болгон. Социалдык барактарында Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушууларын чагылдырып, анын пайдасы үчүн үгүттөп жүрчү.

2020-жылдын ноябрь айында Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын Чүй облустук бөлүмүн жетектей баштаганын кабарлаган. Ал эми штабдын өкүлдөрү жана Жапаров өзү дагы Аспековдун командага тиешеси жоктугун айтышкан.

2021-жылдын май айында УКМКнын басма сөз кызматы активист Мелис Аспековго карата «алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

Сотко чейинки өндүрүш активисттин иш-аракеттеринен жапа чеккен жарандардын арыздарынын негизинде башталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алган.

Ушундай эле арыз УКМКга жабыркаган аялдын кызынан дагы түшкөн. Ал Аспеков күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүүнү убада кылып, алдоо жолу менен батирин өзүнүн жубайына каттатып алганын билдирген.

Муну менен катар, Коопсуздук комитети Мелис Аспековдун ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар учурларды териштирүүнү улантууда.

Кармалгандан кийин активист УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок азыркы учурда Аспеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ТИЗО-1де отурат.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Аспеков Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп билдирүү жасаган. Аспековдун каты анын фейсбук барагында жарык көргөн.

«[Садыр Жапаров] “мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алдым” деп ачык эле айтты уялбай. “Аларды кама дегениңди токтот, алардан башка ким бермек эле?” деп кайрадан менден сурайт. “7 дубанга 1 млн доллар кетти, Ысык-Көлгө 2 млн доллар бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят” болоорун айтты. “Бишкек менен Ошко 1 млн доллар бердим” дейт. “Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына президент болбой эле койсоң болмок” десем, “сен эмнени билесиң” деп менден качып баштады», — деп айтылган Аспековдун билдирүүсүндө.