Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын 70%нан дельта-штаммы аныкталды

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев акыркы үч айда коронавирус жуктурган кыргызстандыктардын 70%ы «дельта» штаммы менен ооруганын «Азаттыкка» билдирди.

Июль айына чейинки аралыкта көпчүлүк «британиялык» штамм менен ооруган — 85,6% кыргызстандыктардан аныкталган. Дагы 14% «түштүкафрикалык» штаммды жуктурган.

Эмне болгон дельта-штамм?

«Дельта» штаммы «альфа» вариантына (британиялык штамм) караганда жугуштуу жана вакцинанын таасирине туруктуу экени айтылып келет. Мында жөтөл, температуранын жогорулашы, жыт, даам сезүүнүн жоголушу сыяктуу коронавирустун классикалык белгилерине жаңылары кошулган.

Zoe Covid Symptom study’нин маалыматына караганда, «дельта» баш оору, тамактын ачышуусу, мурундун бүтүшү сыяктуу белгилери менен айырмаланат. Изилдөөнүн автору профессор Тим Спектор «дельта» вариантын жуктурган жаштарда сасык тумоонун оор түрүнө кабылгандай сезим болорун белгилеген. Ошол эле учурда, алар инфекция таратуучу болуп кала берет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, «дельта» ич оору, жүрөк айлануу, окшуу, тамакка болгон табиттин жоголушу, угуунун начарлашы жана муундардын ооруусу сыяктуу олуттуу белгилерди чакырышы мүмкүн.

Дельта-штамм өткөн жылдын күз айларында Индияда аныкталган. Жазында оору жуктургандар арасында эң көп өлүм катталып, дүйнө жүзүнө тарай баштаган.