«Клооп» биринчи жолу шайлоону чагылдырууга аккредитация алды, бирок бир дагы үгүт материал жарыялабайт

Биз акыркы күнгө чейин алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн Кыргызстандын Боршайкомунан аккредитация алууну каалаган жокпуз. Анткени, бизге аккредитациядан өтүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз — аккредитациянын жоктугу бизди шайлоону чагылдыруу укугубуздан ажыратпайт.

Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, бул олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн. Мисалы, 2021-жылдын январь жана апрель айларындагы шайлоодо аккредитацияны шылтоолоп биздин штаттан тышкаркы кабарчыларыбызды участкага киргизбей койгон учурлар болгон. Акыйкаттык үчүн күрөшүп, журналисттерге өз милдетин аткарууга тоскоолдук кылгандарды жазага тарткан күндө деле, алтындай убакыттан уттурдук, балким кайсы бир мыйзам бузуулар көз жаздымда калды.

Боршайкомдун шайлоодон кийинки жыйынында дагы биздин юристтер менен журналисттерге аккредитациясы жок деген кине коюлду. Бул албетте БШК кетирген калпыстык — бирок жыйындан кийин «алса алып койсокпу ошол аккредитацияны?» деген ой келди. Балким шайлоого мурдагыдан дагы кылдат көзөмөл жүргүзүп, добуш берүүдөн кийин соттук териштирүүлөр болсо мурдагыдан да күчтүү болуш үчүн ушундай компромисске баруу керекпи?

Дал ушул жерде, эмне себептен биз аккредитация алуудан баш тартып келгенибиздин башкы себеби ачыкка чыгат — себеби, анда биз үгүт материалдарын жарыялоого милдеттүү болобуз.

Мыйзамда дал ушундай болуш керек деп жазылган эмес, бирок аккредитацияга документ ташырганда «эфир убактысын, гезит бетинен же интернет-басылмадан орун берүүнүн баасы жана башка маалыматтарды» берүү керек.

Анда эмесе, биз жолун таптык. Төмөндө биздин сайтка саясий жарнама жарыялоонун расмий баалары көрсөтүлдү. Бул маалыматты Боршайкомго тапшырган документтерде көрсөткөнбүз, азыр аккредитацияга ээ болгондон кийин окурмандар менен бөлүшүп жатабыз.

  • «Күндүн жаңылыгы» бөлүмүндөгү 1 жаңылыктын баасы — 100 000 000 сом (жүз миллион сом)
  • Инстаграмдагы 1 билдирүү — 50 000 000 сом (элүү миллион сом)
  • Фейсбуктагы 1 билдирүү — 50 000 000 сом (элүү миллион сом)
  • Твиттердеги 1 билдирүүү — 50 000 000 сом (бул дагы элүү миллион сом)

Ошол эле учурда, мындай сумманы төлөп берүүгө макул болгон талапкер же партия болсо деле, биз анын материалын чыгаруудан баш тартуу укугун өзүбүзгө калтырдык. Убактыңыз текке кетпеш үчүн, алдын ала эскертип коелу — биз эч кимге макулдук бербейбиз. Ооба-ооба, «Күндүн жаңылыгына» бир жаңылык үчүн жүз миллион сом сунуштасаңыз деле чыгарбайбыз.

Ал тургай, «Күндүн жаңылыгы» бөлүмүнө он үгүт материалын жайгаштыруу үчүн миллиард сом сунуш кылсаңыз деле, баары бир макул болбойбуз.

Эмне себептен бул кадамга бардык?

«Клооп» — чыныгы көз карандысыз басылма. Биз Кыргызстандагы бир дагы саясий партия же саясий күч менен байланышыбыз жок экенине сыймыктанабыз. Бул бизге бардык саясий процесстерди бейтарап чагылдырууга жана чуулгандуу, өткүр журналисттик иликтөөлөрдү чыгарууга жол ачкан.

Биз үчүн бул эркиндик баа жеткис, ошондуктан баракчаларыбызда Кыргызстандагы бир дагы саясий партияны, кайсы бир саясатчыны жарнамалабайбыз деп өзүбүзгө убада бергенбиз.

Партия же саясатчылардын «Клоопко» акча берүүчү жалгыз теориялык жолу — биздин «Патреондогу» катталуучулардын катарына кошулуу же «Элсом», PayPal капчыгына акча которуу. Бирок бул дагы жарнама эмес, жана мындай кайрымдуулук окуяны чагылдыруу көз карашынан алып караганда, бизди эч нерсеге милдеттендирбейт. Мисалы, депутаттыкка талапкерлердин бири биздин «Патреондогу» эң кымбат катталуучубуз болгон күндө деле, коррупцияга аралашканы билинсе ал жөнүндө иликтөө жасайбыз.

Көз карандысыз ЖМК бойдон калуу үчүн биз аралаш финансылык схема менен иштейбиз. Анда «Клооптун» кирешесинин бир бөлүгү ар кыл донорлордун каражатынан куралат, калган бөлүгү — коммерциялык ишмердүүлүк.

«Клооптун» финансы булактары ушундай бай жана ар түрдүү болгондуктан, редакциялык саясаттын көз карандысыздыгын камсыздоо жеңилирээк.

Бир дагы гранттык уюм, бир дагы кайрымдуулук көрсөткөн адам, бир дагы коммерциялык кызмат буйрутмачы — эч кимиси бизге «тиги же бул маалыматты жазгыла» деген буйрук бере албайт. Эгерде кимдир бирөө аракет кылса — биз кызматташууну дароо токтотобуз. Ушул артыкчылыкка ээ болуу үчүн бизге көптөгөн каржы булактары керек.

Биз ушунча каражаттан куру калганыбызга өкүнөбүзбү? Эч качан.

Тескерисинче, биздин принципиалдуу көз карашыбыз окурмандардын мурдагыдан дагы көп колдоосун алып келерин ишенимдүү айта алабыз. Эгерде сиз Кыргызстан мындан ары дагы өзүнүн көз карандысыз, күчтүү журналистикасы менен сыймыктансын десеңиз биздин донорлордун катарына кошулуңуз: бул биздин «Патреон» сервисиндеги баракчабыз, алгач айына 1,5 доллар турган каттоодон өтүп койгон жетиштүү. Бул «Клоопко» кыйла жардам берет. (Кааласаңыз көп деле болот!)

Бизди окуганыңыз үчүн чоң рахмат, дагы да окуңуз, өзгөчө шайлоо маалында! Биз сизди эч качан алдабайбыз.