Бишкектин батышында «Империя пиццы» кафесинин тушундагы имарат өрттөнүп жатат

Маалымат жаңыртылып турат.

ӨКМдин басма сөз кызматы берген алдын ала маалыматка ылайык, Бишкектеги Ош базарына жакын Кулиев көчөсүндө жайгашкан «Империя пиццы» кафеси өрттөнүп жатат.

ӨКМдин Бишкек шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Эрнест Жусупов өрттөн жабыркагандар жок экенин жана анын келип чыгуу себептери такталып жатканын билдирди. Анын айтымында, өрттүн аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзөт.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 13:03 чамасында ӨКМдин төрт өрт өчүрүү бригадасы тартылды.

Ал эми «Империя пиццы» кафеси болсо өрттөнүп жаткан имарат аларга тиешелүү эмес, катарлаш турган курулуш экенин кабарлады.

Соцтармактарда шаардын ар кайсы жеринен тартылган сүрөт, видеолор тарап жатат. Анда өрттөн чыккан коюу түтүндү көрүүгө болот.

Негизди беттеги сүрөт «СЕЙЧАС KG’нин» телеграм-каналынан алынды.